Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Өзүбеков: туризм багытын калыбына келтирүүгө 5 жылдай керек

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Кыргыз туризм" ЖЧКсынын негиздөөчүлөрүнүн бири, аталган тармактагы эксперт Мырзабек Өзүбеков
Кыргыз туризм ЖЧКсынын негиздөөчүлөрүнүн бири, аталган тармактагы эксперт Мырзабек Өзүбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Кыргыз туризм" ЖЧКсынын негиздөөчүлөрүнүн бири, аталган тармактагы эксперт Мырзабек Өзүбеков өлкөдө туризм багытындагы ишкерлер 2020-жылга чоң план түзүп күтүшкөндүгүн айтты.
Өзүбеков: туризм багытын калыбына келтирүүгө 5 жылдай керек

Пандемиядан кийин туризм бизнесин калыбына келтирүүгө дүйнө мамлекеттери үчүн беш жылдай убакыт керектелет. Авиакаттамдарды аткарган ишканалардын чыгымдарын жаап, кадимки иш тартибине келүү үчүн үч жылдай убакыт сарпталат. Мындай пикирин Мырзабек Өзүбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Дүйнөлүк туризм уюмунун эсептөөлөрүнө ылайык, коронавирустун кесепетинен 50 миллиондой адис жумушсуз калуусу болжолдонууда.

"Пандемия бүтүп, эл жай турмушка келген кезде деле саякатчылардын саны кескин көбөйүп кетпейт. Өзгөчө массалык эс алуучу жайлар приоритеттен түшөт. Дүйнөлүк туризм уюмунун эсептөөлөрү боюнча, 2019-жылы 1 миллиард 400 миллион адам саякаттаса, бул жылы көрсөткүч 1 миллиард 800 миллионго жетмек. Мындай прогноздорго таянып, туризм тармагында мээнеттенген кыргызстандык ишкерлер да 2020-жылга чоң-чоң пландарды коюшкан эле. Арасында банктардан ири көлөмдө насыя алгандары, инвестиция тартып келгендери бар. Азыркы алышып жаткан душманыбыз көзгө көрүнбөгөн вирус болгондуктан, адамдар психологиялык кооптонуулардан улам да саякатка көп чыга беришпейт. Андыктан бул тармактын кадимки абалында иштеп, калыбына келиши үчүн беш жылдан кем эмес убакыт талап кылынат", — деди Өзүбеков.

Адис туристтерди тейлеген мекемелерге санитардык талаптар саякатчылар тарабынан катуу коюла баштаарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0