Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Пакыров: өзгөчө абал киргизилбеген аймактарда өндүрүш иштеши керек

© Sputnik / Табылды КадырбековЖИА бизнес-ассоциациясынын аткаруучу директору Фархат Пакыров
ЖИА бизнес-ассоциациясынын аткаруучу директору Фархат Пакыров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЖИА бизнес-ассоциациясынын аткаруучу директору Фархат Пакыров ишкерликти токтотуу чоң жоготууларга алып келерин айтты.
Пакыров: өзгөчө абал киргизилбеген аймактарда өндүрүш иштеши керек

Өзгөчө абал киргизилбеген аймактарда өндүрүш иштей бериши керек. Анткени өлкөдө жумушсуздук күндөн-күнгө күч алып, абал оорлошуп бара жатат. Бул тууралуу Фархат Пакыров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жумушсуздардын санынын көбөйүшүнө чет жактагы мигранттардын кайтып келүүсү дагы түрткү болууда.

"Ошол эле жеткирүү, азык-түлүк тармагындагы көптөгөн ишкерлер өткөрмө кагаздарын ала албай жатканын айтып, ЖИА бизнес-ассоциациясына кайрылышууда. Мындан тышкары курулуш тармагындагы айрым компаниялар ишин улантууга уруксат сурашууда. Себеби алардын кээ бир участокторунда техникасы иштей берет. Өзгөчө абал киргизилген аймактарда мейли, түшүнсө болот. Бирок мындай абал киргизилбеген аймактардагы ишканалардын ишмердүүлүгүн улантууга уруксат бериш керек. Мисалы, Ысык-Көлдөн курулуш тармагындагы компания кайрылды. Алар жумушчуларыбызды сыртка чыгарбай, ишмердүүлүктү уланта берсек деп жатышат. Ошол эле Чүй облусундагы жеңил өнөр жай тармагындагы ишканалардын ишмердүүлүгүнө жергиликтүү тургундар эле тоскоолдук жаратып жаткан учурлар болуп жатат. Ошондуктан бул боюнча тийиштүү тараптар кеңешип, кандайдыр программаларды кабыл алуу зарыл. Чукул арада тийиштүү аракеттерди жүргүзүү боюнча макулдашуу керек. Эгерде кырдаал ушул таризде улана турган болсо, өкмөт тарабынан берилип жаткан азык-түлүк себети деле түгөнөт. Ишкерлерди дагы жоготуп алышыбыз мүмкүн. Анда экономика чоң жоготууга учурайт", — деди Пакыров.

Ошондой эле ал учурда тийиштүү органдар көбүнчө "баарын штаб чечет" деп пассивдүү иш алып барып жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0