22:25 01 Кулжа 2020
Түз эфир
  • USD73.4927
  • EUR81.8635
  • RUB1.0542

Рысалиев: Таластан алып келинген илбирсти аткандар табыла элек

Радио
Кыскача шилтеме алуу
36 0 0

Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин маалыматтык кызматынын жетекчиси Бактыбек Рысалиев Таластан кармалып келген илбирс — Жаабарстын абалы тууралуу айтып берди.

Рысалиев: Таластан алып келинген илбирсти аткандар табыла элек

Таластан алып келинген илбирстин абалы жакшырып калды. Бирок карантинден кийин анын ден соолугу дагы бир жолу изилденет. Учурда ИИМ тарабынан аны ким атканын аныктоо боюнча иштер уланууда. Бул тууралуу Бактыбек Рысалиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, учурда илбирстин абалы туруктуу, ары-бери басып, сөөк кемирип, тамак ичип калды.

"Учурда илбирстин абалы жакшырып калганы менен көзүнүн көрүүсү калыбына келген жок. Карантин бүтсө Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги тарабынан атайын консилиум өткөрүлөт. Анда адистер илбирсти карап, ден соолугун толук изилдеп чыгышат. Бул илбирс колго түшкөндөн бери эл аралык уюмдар, жөнөкөй жарандар жардам берели деп көп кайрылышты. Ошолордун жардамы, агенттиктин тыкыр көзөмөлү менен банктарга каражат которулуп, тамак-аш, дары-дармегине коротулууда. ИИМ тарабынан ким атканы боюнча териштирүү, аныктоо иштери уланууда. Ошондой эле аталган илбирс мурда колдо кармалган болушу ыктымал экендигин адистер божомолдошууда. Анткени аны кармап алган адам мышык деп ойлогон окшойт", — деди Рысалиев.

Ал браконьерлердин кылмышын сотто далилдөөдө агенттик тарабынан колдонулуп жаткан дрондор жакшы натыйжа берип жатканын кошумчалады.

Эске салсак, 10-январда Талас облусунан Бишкекке бир нече ок тийип жарадар болгон илбирс алып келинген. Ага ветеринарлар тарабынан операция жасалып, эки көзү сокур болуп калганы айтылган. Жаныбарга Жаабарс деген ысым ыйгарылып, ал "Бугу-Эне" коомдук фондунун камкордугуна алынган.

Тема боюнча

Таласта атылып, эки көзү тең көрбөй калган илбирске 50 миң сом бөлүндү
Белгилер:
көмөк, Бишкек, Талас, Ак илбирс, Бактыбек Рысалиев

ЭҢ МААНИЛҮҮ