Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жаманкулов: "Жардам" штабына ыктыярчылар менен иштешчү органдар бекиген

© Sputnik / Асель СыдыковаМаданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов
Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов "Жардам" штабынын максаты жана алып барып жаткан иштери тууралуу айтты.
Жаманкулов: "Жардам" штабына ыктыярчылар менен иштешчү органдар бекиген

Коронавируска байланыштуу карантин башталары менен муктаж болгондорго жардам берүү иштери мамлекеттик органдар жана жеке ишканалар тарабынан жүргүзүлө баштаган. Бирок бир дарекке бир нече жолу көмөк көрсөтүлүп, ал эми башкалар албай калган учурлар көп болгондуктан, өлкө ичинде жүргүзүлүп жаткан жардам берүү иштерин системалаштыруу максатында "Жардам" штабы түзүлгөн. Бул тууралуу Азамат Жаманкулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, штабдын ишин координациялоо милдети ыктыярчылар, коомдук уюмдар менен тыгыз иштешкен мамлекеттик органдарга, тактап айтканда, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү, Маданият, маалымат жана туризм министрликтерине, ошондой эле Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигине жүктөлгөн.

"Жардам" штабынын ишин координациялоого эки министрлик, бир агенттик тартылган. Мындан сырткары, коомдук уюмдар, бизнес-ассоциациялар, ыктыярчылар, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү баары жапа тырмак киришип иштеп жатышат. Буга чейин материалдык резервден элге ун менен шекер таратылган. Учурда 800 сомго бааланган, ичинде ун, шекер, макарон, чай, күрүч салынган себеттер берилүүдө. Эгерде жеке ишкерлер көмөк көрсөтүүнү кааласа, баасы ар кандай жардам себеттерин жасап келишүүдө. Биз кайсы жаңы конуш же райондорго азык-түлүк жеткириле элек болсо, ошолордун тизмесин берип жатабыз. Жеке ишкерлерди мынча сомдук себет тараткыла деп мажбурлай албайбыз. Ал эми аймактарды ала турган болсок, айыл башчылары айыл өкмөттөргө, алар акимдерге, акимдер облус жетекчисине муктаж үй-бүлөлөрдүн тизмесин жыйнап келип беришүүдө. Жергиликтүү бийлик колунан келишинче көмөк көрсөтүп, калганы биздин штаб аркылуу ишке ашууда. Учурда Ысык-Көл, Чүй, Жалал-Абад облустарында жана Бишкекте азык-түлүккө муктаждардын саны көп", — деди Жаманкулов.

Министр жардамга муктаждар 1227 түз номерине, 1227.tunduk.kg сайты жана "Жардам" штабынын тиркемесине, ушундай эле аталыштагы Facebook, Telegram баракчалары аркылуу кайрылса болорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0