Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Токтомаметов: ата-эне менен мугалимдин тыгыз иштеше турган учуру келди

© Sputnik / Исмаил МамытовКыргыз билим берүү академиясынын президенти Алмазбек Токтомаметов. Архив
Кыргыз билим берүү академиясынын президенти Алмазбек Токтомаметов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз билим берүү академиясынын президенти Алмазбек Токтомаметов дистанттык окутуу менен мугалимдер үчүн коллективдик аракеттерден алыстап, жеке мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүү мезгили келгендигин айтты.
Токтомаметов: ата-эне менен мугалимдин тыгыз иштеше турган учуру келди

Дистанттык окутуу боюнча чечимдер абалга жараша шашылыш учурда кабыл алынып калды. Бирок бул өз учурунда ата-эне менен педагогдордун тыгыз иштешүүсүнө шарт түздү. Мындай пикирин Алмазбек Токтомаметов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, азыр мугалимдердин жеке аракеттерин тикелей көрүп баалаганга ыңгайлуу болуп турат жана педагогдор мындан пайдалынышы керек.

"Республика боюнча дистанттык окутуу менен кыйынчылыктар жаралбай койгон жок. Ошол эле IT тармагы боюнча айрым ата-энелерде да, педагогдордо да көйгөйлөр бар. Ошону менен катар эле бул багытты мыкты өздөштүргөн, керек болсо ушул тармактын адиси болгон ата-энелер бар. Биз алардын мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланышыбыз керек. Азыркы абал ата-эне менен мугалимди балага билим берүүдө чогуу иштөөгө түртүүдө. Ал эми педагогдорго болсо мурда тигил же бул себептер менен көмүскөдө калып келген аракет, шыгы менен өзүн мыкты мугалим катары көрсөтүү мүмкүнчүлүгү жаралды. Андыктан жалпы эле коом үчүн дистанттык окутуунун жакшы жактарын кабыл алып, аны өркүндөтүп андан ары карай алып кетүүгө ыңгайлуу болуп турат", — деди Токтомаметов.

Ал мугалимдерди дүрбөлөңгө түшпөй, IT багытында баарын бир үйрөнүп алам дегенден алыс болуп, баскыч-баскычы менен өздөштүрүүгө чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0