Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сооронбаев: балдарга газдалган суусундуктарды таптакыр бербеш керек

© Sputnik / Диля АлымоваМирсаид Миррахимов атындагы Кардиология жана терапия борборунун өпкө оорулары жана аллергия бөлүмүнүн башчысы, профессор Талант Сооронбаев. Архив
Мирсаид Миррахимов атындагы Кардиология жана терапия борборунун өпкө оорулары жана аллергия бөлүмүнүн башчысы, профессор Талант Сооронбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мирсаид Миррахимов атындагы Кардиология жана терапия борборунун өпкө оорулары жана аллергия бөлүмүнүн башчысы, профессор Талант Сооронбаев газдалган суусундуктар аллергия оорусуна алып келиши мүмкүндүгүн айтты.
Сооронбаев: балдарга газдалган суусундуктарды таптакыр бербеш керек

Газдалган суусундуктар, жарым-жартылай даярдалган тамактар аллергиянын пайда болушун шарттайт. Бул тууралуу Талант Сооронбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, өзгөчө жаш балдарга газдалган, таттуу суусундуктарды такыр бербеш керек.

"Акыркы жылдары астма, ринит сыяктуу түрдүү аллергиядан жабыркагандардын саны көбөйүүдө. Буга биринчи себеп климаттын бузулушу болсо, экинчиден, чала фабрикаттарды жеп, газдалган, таттуу суусундуктарды ичкенден болууда. Негизи адамдын ден соолугуна кадимки агып турган суу абдан пайдалуу. Аны эч кандай кошулмасыз эле ичип туруу керек. Балдарды да кичинекей кезинен тарта жөнөкөй суу ичүүгө үйрөтүү зарыл. Ал суусунуңду кандырып гана тим болбостон, организмди тазалап турат", — деди дарыгер.

Профессор аллергия пайда болгон адамдар андан чочулабастан дарыгерге көрүнүшү керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0