Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Ойтемиров: карантиндеги мамкызматкерлердин айлыгы боюнча токтом долбоору чыкты

© Sputnik / Эркин СадыковЭмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Эмгек башкармалыгынын башчысы Махмуд Ойтемиров. Архив
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Эмгек башкармалыгынын башчысы Махмуд Ойтемиров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Эмгек башкармалыгынын башчысы Махмуд Ойтемиров карантинге байланыштуу үйдө отурган мамлекеттик кызматкерлердин укуктары тууралуу айтты.
Ойтемиров: карантиндеги мамкызматкерлердин айлыгы боюнча токтом долбоору чыкты

Республикадагы өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абалга байланыштуу үйдө отуруп калган мамлекеттик кызматкерлердин айлык акысы толугу менен төлөнүп берилет. Бул тууралуу Махмуд Ойтемиров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бул багытта атайын долбоор иштелип чыгып, өкмөттүн кароосуна жиберилди.

"Республикада түзүлгөн абалга байланыштуу көптөгөн мамлекеттик кызматкерлер аралыктан иштеп же такыр эле үйдө отуруп калышты. Андыктан эми айлык акыбыз кантет, иш ордубуз сакталабы деген суроолор көп жаралууда. Биздин министрлик бул багытта токтомдун долбоорун иштеп чыгып, өкмөттүн кароосуна жиберди. Ага ылайык, карантин канча убакытка созулса, мамлекеттик кызматкерлер ошончо күндүн айлык акысын толугу менен алышы керек", — деди Ойтемиров.

Ал бул категорияга мугалимдер да кирерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0