Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Карабаева: эл насыяны баары бир төлөө керектигин унутпашы керек

© Sputnik / Асель СыдыковаУлуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева
Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева өзгөчө абал аяктап ишкерлик жандангандан кийин кредиттер төлөнүшү керектигин айтты.
Карабаева: эл насыяны баары бир төлөө керектигин унутпашы керек

Коронавируска байланыштуу кредиттер боюнча жеңилдиктер берилиши мүмкүн. Бирок насыя алуучулар карызын эртели-кеч төлөй турганын эстен чыгарбашы керек. Бул тууралуу Аида Карабаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, коронавирус инфекциясынын жайылышынан улам Улуттук банк 2020-жылдын 18-мартында атайын токтом менен банктар жана финансы-кредиттик уюмдарга насыянын мөөнөтүн кайра карап чыгууга жана төлөмдөрдү кеминде үч айга жылдырууга сунуш берген.

"Айрым кредит алуучуларга насыянын негизги суммасы же чегерилген пайыздык чендер боюнча жеңилдиктер берилиши мүмкүн. Ал үчүн жаран насыя төлөөнүн графигин өзгөртүү же мөөнөтүн жылдыруу боюнча атайын арыз менен кайрылышы шарт. Кайрылуунун баары индивидуалдуу түрдө каралып, финансы-кредиттик уюмдар тарабынан карыз алуучунун мүмкүнчүлүктөрү талданат. Насыя алуучулар кырдаалга байланыштуу жеңилдик берилип жатканын, бирок аны эртели-кеч төлөшү керек экенин эстен чыгарбоосу зарыл. Анткени банктык бизнес дагы ишкерликтин бир түрү болуп саналат. Мындан тышкары, банктарда аманатчылар бар. Ошол насыядан түшкөн төлөмдөрдүн негизинде банктар аманатчылардын алдындагы өзүнүн милдеттенмелерин төлөп берет", — деди Карабаева.

Ошондой эле ал кредиттер өз учурунда төлөнбөй калганда туум, айыптарды алууга үч айга тыюу салынганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0