Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Эргешов: карантин орозо кармоого ыңгайлуу учур

© Sputnik / Асель АкматалиеваКыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын окуу бөлүмүнүн башчысы Акимжан Эргешов
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын окуу бөлүмүнүн башчысы Акимжан Эргешов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын окуу бөлүмүнүн башчысы Акимжан Эргешов быйыл Рамазан айы 24-апрелге туш келиши мүмкүндүгүн айтты.
Эргешов: карантин орозо кармоого ыңгайлуу учур

Аалымдар кеңеши онлайн-жыйындарды өткөрүп, быйылкы Рамазан айы кайсы күнгө туш келерин талкуулашууда. Жакынкы күндөрү онлайн-чогулуштардын жыйынтыгы менен муфтият бул боюнча расмий билдирүү таратат. Бул тууралуу Акимжан Эргешов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, өлкөдөгү санитардык карантин орозо кармоого эч кандай тоскоолдук жаратпайт.

"Аалымдар кеңеши өз бүтүмүн чыгарган соң орозонун так датасы тууралуу калкка маалымат берилет. Орозо кармоо карантин учуруна туш келип калганы эч кандай көйгөй жаратпаш керек. Тескерисинче, "жумуштан бошобойм", "убактым жок" дегендерге жакшы мүмкүнчүлүк жаралууда. Ал эми орозодо аткарылчу ооз ачар, эркектерге таравих намазын жамаат менен окуу сыяктуу адаттарды үй-бүлө мүчөлөрү менен өз үйүбүздө эле жасашыбыз керек. Биз жашап жаткан өлкөбүздүн мыйзамдарына баш ийүү менен жалпы коомго зыян алып келчү иштерди жасагандан оолак болушубуз шарт", — деди Эргешов.

Ал ошондой эле орозо учурунда берилчү садака боюнча да Аалымдар кеңеши чечим чыгарарын, адамдар учурдагы тартиптерге туура келбеген кандайдыр бир аракеттерди жасабай туруусун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0