Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Канат Бегалиев: жеңилип калган кармаштарымды эстегим келбейт

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызский борец греко-римского стиля, призёр Олимпийских игр Канат Бегалиев
Кыргызский борец греко-римского стиля, призёр Олимпийских игр Канат Бегалиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Грек-рим күрөшү боюнча Пекин Олимпиадасынын күмүш медалынын ээси Канат Бегалиев спорттук карьерасындагы купулуна толгон жеңиштеринин эң башкысы — 2007-жылы Бишкекте өткөн Азия биринчилигинде уткан алтын медалы экенин айтты.
Канат Бегалиев: жеңилип калган кармаштарымды эстегим келбейт

2006-жылы дүйнө биринчилигинин, 2008-жылы олимпиада оюндарынын финалдык бөлүгүнө чейин жеттим, бирок эки ири мелдеште тең баш байгени колдон тарттырып жибердим. Ошол жеңилүү ызасын тартып калган кармаштарымды бүгүнкүгө чейин эстегим келбейт. Бул тууралуу Канат Бегалиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, чоң спортто "таланттуу спортчу" деген түшүнүк жок. Ийгиликтин 99 пайызы талыкпаган эмгектин гана арты менен келет.

"Спорттук карьерамда бир нече жолу жогорку даражадагы ири мелдештердин финалдык бөлүгүнө чейин чыгып, олуттуу беттештерди өткөрдүм. Бирок алардын арасынан 2007-жылы Бишкекте өткөн Азия чемпионатында уткан алтын медалымдын орду чоң. Анткени анда мен өз мекенимде, жумурай журттун алдында чечүүчү кармашка чыгып, олимпиада оюндарынын чемпиону, түштүккореялык балбанды жер караткам. Ошол учурдагы сүйүнүчүм бүгүнкү күнгө чейин койнума батпай келет. Ал эми 2006-жылы дүйнө биринчилигинин жана 2008-жылы олимпиада оюндарынын финалдык бөлүгүндө жеңилүү ызасын тартып калган кармаштарымды азыркыга чейин эстегим келбейт. Алар тууралуу ойлонсом эле өзүмдү ичимден жерий баштайм. Бирок кандай болгон күндө да мен үчүн ал жетишкендиктерим чоң ийгилик. Бери дегенде 10 жылдык мээнеттин акыбети. Мындан улам азыр жаш спортчуларга да кеңешимди берип, талыкпай эмгек кылууга үндөп келем. Себеби айрымдарды "талантуу спортчу экенсиң" деп койсо эле чиренип баштайт. Бул өтө туура эмес. Чоң спортто "таланттуу спортчу" деген түшүнүк жок. Ийгиликтин 99 пайызы эмгектин арты менен келет. Учурда жаш спортчуларды даярдап жатып өз тажрыйбам менен да бөлүшүп турам. Ар дайым аларга бакыт кушун кое бербегиле, кийин мендей болуп өкүттө каласыңар деп эскертем", — деди Бегалиев.

Ал ошондой эле өзү килем үстүнө чыгып, күрөшүп жүргөн учурга салыштырмалуу азыр мамлекет тарабынан спорт жаатына жакшы көңүл бурулуп, жергиликтүү спортчулардын да деңгээли өскөнүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0