Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Педагог дистанттык окутууда ата-энелерге бир нече кеңеш берди

© Sputnik / Табылды КадырбековУчительница русского языка Дамира Жумабаева
Учительница русского языка Дамира Жумабаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз билим берүү академиясынын инновация жана илим бөлүмүнүн башчысы Дамира Жумабаева окуучунун үйдөн билим алуусуна ата-энелерди жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырды.
Педагог дистанттык окутууда ата-энелерге бир нече кеңеш берди

Учурдагы абалга байланыштуу кыска убакыттын ичинде дистанттык билим берүү ата-энелер, окуучулар үчүн эле эмес, педагогдор үчүн да чоң жаңылык болду. Мындай пикирин Дамира Жумабаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, балдардын үйдөн окушуна ата-энелер биринчи кезекте шарт түзүп бериши керек.

"Онлайн окутуу баарыбыз үчүн эле жаңылык болуп жатат. Ошентсе да мугалимдер дилгирлик менен чымырканып, өз иштерин жасоодо. Ата-энелер да түшүнүү менен кабыл алып, бир үйдөн бир нече бала окуганына карабай шарт түзүп бергенге аракеттенип жатканына күбө болуудабыз жана бул үчүн аларга педагогдор ыраазычылык билдиребиз. Балдарын компьютер, жок эле дегенде жакшы смартфондор менен камсыздап, керектелүүчү бардык буюмдарды таап бергенге аракет кылып жатышат. Бирок муну менен катар эле майда нерселерге маани бербей калган учурлар болушу мүмкүн. Мисалы, мүмкүнчүлүк болсо баланын сабак окуганына өзүнчө бир бөлмөнү даярдаган жакшы. Ал жерде окуучунун дене боюна ыңгайлашкан столу болуп, ага терезеден күндүн нуру тийип турушу керек. Колдончу китеп, компьютер, дептер, калем саптары столдун үстүнө алдын ала даярдалып коюлушу шарт. Окуучу онлайн билим алып жатканда тынчтыкты камсыздоо да өтө маанилүү", — деди Жумабаева.

Педагог дистанттык окутууда ар бир сабак 20 мүнөткө созулуп, ортолорунда тыныгуу каралганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0