Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Батырбекова: ар бир нерсенин позитивдүү тарабын алганга аракет кылуу керек

© Sputnik / Асел Сыдыкова"Данакер" үй-бүлөнү бекемдөө борборунун психологу Нуриза Батырбекова
Данакер үй-бүлөнү бекемдөө борборунун психологу Нуриза Батырбекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Данакер" үй-бүлөнү бекемдөө борборунун психологу Нуриза Батырбекова адамдын мүнөзү, ою жашоосуна таасир берерин айтты.
Батырбекова: ар бир нерсенин позитивдүү тарабын алганга аракет кылуу керек

Учурда дүйнөдө кыйын кырдаал болуп турат. Ошентсе да ар бир нерсенин оң жана терс жагын көрө билиш керек. Бул тууралуу Нуриза Батырбекова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бала менен тасма көргөндө да жаш өзгөчөлүгүнө ылайыктуу тасма тандап, ага түшүндүрүп берүү керек.

“Азыр адамдар вирус, эпидемия тууралуу тасмаларды көрүп жатышат. Кинону көрүп бүткөндөн кийин мен бул тасмадан эмнени ала алдым деп ойлонушу кажет. Позитивдүү тарабын алганга аракет кылуу зарыл. Ошол эле адамдардын жүрүм-туруму, бири-бирине жасаган мамилесине көңүл буруңуз. Адам дайыма жаман нерсени ойлой берсе, мүнөзү өтө оор болуп калат. Мындай адамдарга эч нерсе жакпай, урушчаак болот. Негизи адамдын мүнөзү, ою жашоосуна таасир берет. Андыктан позитивдүү ойлонуңуз. Андан тышкары, интернеттеги видео, маалыматтарга ишене бербей аны ылгап, бир нече булактардан текшерип алуу керек. Ал эми үйдө бала менен тасма көргөндө да жаш өзгөчөлүгүнө ылайыктуу тасма тандаңыз. Фильм эпидемия тууралуу болсо, анда эмне болуп жатканын түшүндүрүп бергенге аракет кылыңыз. Себеби 8-10 жашка чейинки балдарда критикалык ой жүргүртүү болбойт, түз кабыл алат. Ошону менен бирге үйдө отурган бала энергиясы ашып-ташып эшикке чыккысы келет. Эгер көп кабаттуу үйдө жашасаңыз, аны тепкичтен түшүрүп, чыгарып чуркатып койгон оң”, — деди Батырбекова. 

Ал ошондой эле ар кандай жомокторду аткарып, убакытты кызыктуу өткөргөнгө аракет жасоо керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0