Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Керималиев: быйыл былтыркыдан 2,5 миң гектар көп жерге эгин эгилет

© Sputnik / Табылды КадырбековАйыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев кырдаалга карабастан айдап-себүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүп жатканын айтты.
Керималиев: быйыл былтыркыдан 2,5 миң гектар көп жерге эгин эгилет

Быйыл айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жалпы аянты 1 миллион 221 миң гектарды түзөт. Бул былтыркыга салыштырмалуу 2,5 миң гектарга көп. Бул тууралуу Жаныбек Керималиев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, мунун ичинен 745 миң гектар аянтында жазгы айдап-себүү иштери жүргүзүлөт.

"Быйыл былтыркыга салыштырмалуу айдоо аянттары 2,5 миң гектарга кеңейтилди. Анын ичинен 631,9 миң гектар аянтка дан эгиндерин себүү пландалган. Бул жалпы быйылкы жылы жүргүзүлгөн айдап-себүүнүн 51,8 пайызын түзөт. 71 миң гектарга же жалпы эгиндин 5,8 пайызын картошка, жашылча 53,6 миң гектарга, бул 4,3 пайыз, бакча өсүмдүктөрү 0,9 пайыз же 11,3 гектарды түзөрү пландалып, иштер жасалууда. Техникалык өсүмдүктөр 65,3 гектарга себилет, бул жалпы эгиндин 5,5 пайызы. Ал эми көп жылдык чөп 332,9 миң гектарга себилип, жалпы айдоонун 29,4 пайызы болду. Көп жылдык чөп 30 пайыз болушу зарыл. Себеби акыркы жылдары ири мүйүздүү мал көбөйүүдө. Бул жумуштардын бардыгы учурда эч тоскоолдуксуз, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен биргеликте аткарылууда", — деди Керималиев.

Аткаминер азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо үчүн быйыл кант кызылчасынын аянты кыскартылып, дан эгиндеринин аянтын көбөйтүү максатталып жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0