Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Дарыгер: коронавирустан коргонуу үчүн көз айнек тагынуу да сунушталат

© Фото / Нурзада МукашеваCOVID-19 инфекциясына чалдыккандарды дарылоо консилиумунун жетекчиси, профессор Талант Сооронбаев
COVID-19 инфекциясына чалдыккандарды дарылоо консилиумунун жетекчиси, профессор Талант Сооронбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
COVID-19 инфекциясына чалдыккандарды дарылоо консилиумунун жетекчиси, профессор Талант Сооронбаев аталган вирустан коргонуу жолдорун айтып берди.
Дарыгер: коронавирустан коргонуу үчүн көз айнек тагынуу да сунушталат

Бул вирус аба аркылуу жугат. Андыктан сыртка чыкканда сөзсүз түрдө бет кап тагынуу зарыл. Бул тууралуу Талант Сооронбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, COVID-19 абада сегиз сааттан алты күнгө чейин кармалып тура алат.

"Коронавирустун башка түрлөрү менен буга чейин деле адамдар ооручу. Анда сасык тумоо сыяктуу жеңил өтүп кетчү. Бирок COVID-19 мутацияланып кеткен түрү болгондуктан, адамдын өмүрүнө коркунуч жаратууда. Андыктан кыргызстандыктарды карантин эрежелерин сактап, эл көп чогулган жерлерге барбай, зарылчылык болбосо үйдөн чыкпай отурууга чакырам. Эгер сыртка чыгыш керек болуп калса, сөзсүз түрдө маска тагынуу керек. Ошондой эле көздү да жабуу сунушталат. Анын былжыр чел кабыктарына вирус отуруп калуу коркунучу жогору. Эгер жөтөлүп, дене табы көтөрүлүп турган адам болсо, бет кабы жок сыртка чыкпасын", — деди Сооронбаев.

Дарыгер ата-энелерди балдарынын саламаттыгы үчүн аларды да көчөгө чыгарбоого чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0