Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Маткерим уулу: убадалар аткарылса ишкерлер кыйналмак эмес, бирок андай болгон жок

© SputnikСоода-өнөр жай палатасынын транспорт боюнча комитетинин төрагасы Талантбек Маткерим
Соода-өнөр жай палатасынын транспорт боюнча комитетинин төрагасы Талантбек Маткерим  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Соода-өнөр жай палатасынын транспорт боюнча комитетинин төрагасы Талантбек Маткерим уулу өлкөдөгү коммерциялык банктар ишкерлерге тандалма мамиле жасап жатышканын айтты.
Маткерим уулу: убадалар аткарылса ишкерлер кыйналмак эмес, бирок андай болгон жок

Өкмөт ишкерлерге салык жана насыя боюнча каникул берсе жакшы болмок. Мындай пикирин Талантбек Маткерим уулу Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, учурда ишкерлердин көпчүлүгү эч кандай пайда таппай калышты.

"Салыктан жана насыядан каникул берилсе ишкерлерге абдан жакшы болмок. Андан тышкары, абал турукташкандан кийин дагы белгилүү бир убакытка чейин, ишкерлик өзүнө келип алгыча салыктардан бошотуп турса, чоң көмөк болот эле. Анткени алардын көпчүлүгү учурда иш жүзүндө эч кандай пайда таппай, чыгашага гана учурап жатышат. Кырдаалга байланыштуу өкмөт ишкерлерди колдоого аракет кылып, бир катар сунуштарды жасады. Анын баары ишке ашса жакшы болот. Бирок айрым учурда сөз менен иш төп келбей калат. Мисалы, насыяларга жеңилдик берүү маселесине келгенде коммерциялык банктар ар бир кредит алуучу менен индивидуалдуу сүйлөшөбүз деп жатат. Ошондой эле кийин абал турукташып калганда кайра эле ушул айдагы пайыздарды төлөйсүңөр деген шарттарды коюшууда. Эгер мындай боло турган болсо, мунун баарын жасап эмне кереги бар? Сунуштардын ичинен салык боюнча айтылгандар ишке ашса, ишкерликке жакшы колдоо болот", — деди Маткерим уулу.

Ошондой эле ал кырдаал көпкө созулса ишкерлерге мамлекет дагы көмөк көрсөтө албай калышы ыктымал экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0