Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сооронбаев: өнөкөт аллергиясы барлар кадимки дарыларын иче бериши керек

© Фото / Нурзада МукашеваМирсаид Миррахимов атындагы Кардиология жана терапия борборунун өпкө оорулары жана аллергия бөлүмүнүн башчысы, профессор Талант Сооронбаев. Архив
Мирсаид Миррахимов атындагы Кардиология жана терапия борборунун өпкө оорулары жана аллергия бөлүмүнүн башчысы, профессор Талант Сооронбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мирсаид Миррахимов атындагы Кардиология жана терапия борборунун өпкө оорулары жана аллергия бөлүмүнүн башчысы, профессор Талант Сооронбаев өнөкөт аллергиясы барларга кеңеш берди.
Сооронбаев: өнөкөт аллергиясы барлар кадимки дарыларын иче бериши керек

Адатта жаздын келиши менен өнөкөт аллергия оорусу жанданат. Анда кээ бирөөлөрдүн көзүнөн жаш агып, мурду куюлуп тынбай чүчкүрсө, айрымдары тамагы кычышып жөтөлөт. Быйыл дүйнөнү дүрбөлөңгө салган COVID-19 инфекциясынан улам мындай абалга тушуккан адамдар сарсанаа болушу мүмкүн. Бул тууралуу Талант Сооронбаев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аллергиясы бар адамдар кадимки эле жашоо турмушун уланта бергени туура болот.

"Азыр ар бир адам өзүнүн саламаттыгына кунт коюу менен мамиле кылып, ОРВИ, сасык тумоо же башка учурлар болсо деле чочулаган учурда жашап жатабыз. Жаз мезгилинин келиши менен өнөкөт аллергия оорулары да жанданат. Мындай учурда да адамдар сарсанаа болушу мүмкүн. Эгер аллергиясы буга чейин жок болуп, быйыл биринчи ирет кармап жаткан болсо коркуп да кетиши ыктымал. Андыктан адам эгер өзүнүн аллергиясы бар экенин билсе, мурдатан ичип жүргөн дарылары болсо эч кооптонбой эле ошол препараттарды колдоно бериши керек. Астмасы барлар түрдүү чачма дарыларды пайдаланышат. Аллергиясы барлар коронавирусту жуктуруп алуу коркунучу жогору деген азырынча бир да расмий маалымат жок, болгону ал адамдар демейдегиден көбүрөк чүчкүрүнүп, мурдун, көзнү, жүзүн көбүрөк кармаганга туура келет. Ошондуктан эл көп жерлерге чыкпай, COVID-19 вирусунан сактануучу жалпыга тиешелүү санитардык эрежелерди аткарып турса жетиштүү", — деди аллерголог.

Профессор калкты COVID-19 вирусу тууралуу такталбаган ар кандай маалыматтарды ала бергенден баш тартууга чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0