00:15 20 Үчтүн айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7995
  • EUR102.6837
  • RUB1.1502

Экономист ишкерлерди туш болгон көйгөйлөрүн ачык айтууга чакырды

Радио
Кыскача шилтеме алуу
221 0 0

Экономист Нургүл Акимова өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу ишкерлерге бир нече кеңеш берди.

Экономист ишкерлерди туш болгон көйгөйлөрүн ачык айтууга чакырды

Азыркы абалга байланыштуу ишкерлер чоң тобокелчиликтерге кабылууда. Мамлекет да мүмкүнчүлүктүн жетишинче ишкерликти колдоого далалаттанып жатат. Ушундай учурда бизнесмендер өздөрү да ачык болгону жакшы. Мындай пикирин Нургүл Акимова Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, айрым учурда ишкерлердин туш болгон көйгөйлөрү тиешелүү органдарга жетпей калууда.

"Мисалы, жакында эле бир банктын доллар сатпай жатканын уктум. Бул тууралуу өз учурунда Улуттук банк билбей деле калышы мүмкүн. Салыкка байланыштуу, бажы жана башка иштердеги мыйзам бузуу, коррупциялык элементтерди тиешелүү органдар дароо билбей калган учурлар болот. Андыктан ишкерлерди маалыматка ачык болуп, расмий ЖМК өкүлдөрү менен дайыма байланышып турууга чакырам. Ошол эле көзөмөлдөөчү органдар расмий булактарды окуп, көрүп, угуп турушат. Тилекке каршы, биздин бизнесмендер өз ара маселени талкуулап эле Whatsapp группаларды түзүп алып жүрө беришет. Мындай учурда маселенин чечилиши создугуп кетиши ыктымал. Уюшумдуу болуп, жалпы коомго, анын ичинде мамлекеттик органдарга жете тургандай маалымат таратууну колго алышса ишмердүүлүккө оң таасирин тийгизет", — деди Акимова.

Экономист COVID-19 вирусуна байланыштуу ишкерликке берилип жаткан анча-мынча жеңилдиктерге да алар өздөрү муктаждыктарын ачык айтуу менен жетишип жатышканын кошумчалады.

Тема боюнча

Акимова: кредит алып жатканда банктын лицензиясын талап кылуу керек
Рынок көтөрө алабы? Норвегия мунай казуунун көлөмүн көбөйтөт
ЕАЭБ башка өлкөлөргө бир нече азыкты чыгарууга тыюу салды. Тизме
Белгилер:
маалымат, абал, Нургүл Акимова

ЭҢ МААНИЛҮҮ