Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Асаналиева: чоң атам Ленинград шаарын фашисттерден коргогон

© Sputnik / Асел СыдыковаУлуу Ата Мекендик согуштун ардагери Омор Үмөтовдун небереси Нарынгүл Асаналиева
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Омор Үмөтовдун небереси Нарынгүл Асаналиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Омор Үмөтовдун небереси Нарынгүл Асаналиева чоң атасы согуш майданына 1941-жылы 41 жашында аттанганын айтты.
Асаналиева: чоң атам Ленинград шаарын фашисттерден коргогон

Чоң атам 1941-жылы 10-июлдан тарта 1944-жылдын 9-августуна чейин созулган Ленинград, азыркы Санкт-Петербург шаарын фашисттерден коргоо үчүн болгон салгылаштарга катышкан. Ал үчүн 1943-жылы 6-июнда "Ленинграды коргогону үчүн" ("За оборону Ленинграда") медалы менен сыйланган. Бул тууралуу Нарынгүл Асаналиева Sputnik Кыргызстан радиосунун "Туяк" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Омор Үмөтов 741-мотоаткычтар полкунда аскердик кызматын өтөгөн.

"Чоң атам 1900-жылы Ош облусунда туулган. Бирок кийин Нарынга жер которуп келип, Ак-Талаа районундагы ошол кездеги Ленин колхозунда, азыркы Чолок-Кайың айылында отурукташып калат. Согуш башталганда 41 жашта экен. Орто жашка таяп калган чоң атам ошол эле жылы кан майданга аттанып, Ленинград шаарын фашисттерден коргоо үчүн болгон салгылаштарга катышкан. Ал үчүн 1943-жылы 6-июнда "Ленинграды коргогондугу үчүн" деген медаль менен сыйланган. Ошондой эле чоң атамдын "Эрдик үчүн" ("За отвагу") деген медалы бар, аны дагы 1943-жылы алыптыр. Мындан сырткары, 1947-жылы 4-майда "Эрдик үчүн" медалы менен дагы бир ирет сыйланган. "Сталинградды коргогондугу үчүн" ("За оборону Сталинграда") деген да медалы бар. Анан дагы бир чоң сыйлыгы — Улуу Ата Мекендик согуштун 50 жылдыгына арналган медалы. Чоң атам 1944-жылдын 2-ноябрына чейин согушта болуп, кийин жанынан мина, аны менен кошо колундагы граната жарылып, 1-топтогу майыптыгы менен согуштан үйүнө жөнөтүлөт. Ошентип ал кайра кичи мекенине кайтып келип, ал жактагы колхоздо эсепчи болуп эмгектенген. Чоң атам 84 жашында дүйнө салды, бирок маңыздуу жашады. Анткени артына жети уулду калтырып кетти", — деди Асаналиева.

Ошондой эле ал чоң атасы жаш кезинде тигип кеткен алма багы бар экенин жана ал Ак-Талаанын суугуна карабай бүгүнкүгө чейин мөмө берип келерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0