Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жусупбекова: ЖОЖдордо аралыктан окутууда көйгөй жаралбайт

© Sputnik / Табылды КадырбековБилим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова
Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова контракттык негизде окуган студенттер окуу келишимин ЖОЖ менен түзгөндүктөн, өлкөдөгү абалга байланыштуу бул маселени университеттин өзү менен орток пикирге келиши керек болорун айтты.
Жусупбекова: ЖОЖдордо аралыктан окутууда көйгөй жаралбайт

Жогорку окуу жайларынын студенттери өз алдынча иштөөгө көнгөн адамдар. Андыктан аралыктан билим алууда эч кандай көйгөй жаралбашы керек. Бул тууралуу Надира Жусупбекова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, кайдыгер карабаган адамдар социалдык тармактарда вебинарларды өткөрүп, окутуучуларга жардам берип жатышат.

"Ар бир жогорку окуу жайынын сайты бар. Анда окутуучунун лекциялары, тапшырмалары жайгаштырылган. Бирок ага карабастан ИнфоCоцCервис уюму студенттер жана мугалимдер үчүн Moodle электрондук платформасын даярдап беришти. Платформа аркылуу эки тараптуу байланыш жакшы түзүлөт. Учурда ар бир окуу жай онлайн-сабактарды өткөрүп жатат. Бул нерсеге кайдыгер карабаган адамдар соцтармактарда вебинарларды өткөрүп, мугалимдерге көмөктөшүүдө. Окутуучулар видеосабактарды да тартышты. Ал эми контракттык негизде окуган студенттердин окуу акысы ЖОЖдун ички тартибине жана келишимге ылайык каралат, — деди Жусупбекова.

Ал студенттерди аралыктан окууга олуттуу көңүл бурууга чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0