Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Акимова: кредит алып жатканда банктын лицензиясын талап кылуу керек

Жазылуу
Экономист Нургүл Акимова банктан кредит аларда же депозитке акча саларда кардарлар коопсуздук үчүн эмнеге көңүл буруусу керектигин айтты.
Акимова: кредит алып жатканда банктын лицензиясын талап кылуу керек

Кардарлар кредит аларда анын үстөк пайызына, башка шарттарына кызыкпай, биринчи кезекте насыя берип жаткан банктын лицензиясы бар-жогуна көңүл буруусу зарыл. Бул тууралуу Нургүл Акимова Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымында, демейде банктар лицензиялык кагазын кире беришке илип коюшат. Эгер ал жерде жок болсо, кызматкерлерден талап кылууга болот.

"Кардарлар насыя алууда же депозитке акча салууда алгач ал банк мыйзамдын негизинде иштеп жатабы, эртең алдап кетпейби деген суроолорго жооп алышы керек. Бул үчүн эң оңою банктын кире беришинде илинип турган лицензияны кароо зарыл. Лицензиялардын мөөнөтү болот, дыкат көңүл буруу менен аныктап алган соң ошол банктын тигил же бул кызматынан колдонгон туура. Анткени лицензия албай мыйзамсыз иш жүргүзгөн банк, финансылык компаниялар да болуп калат. Алар демейде жарандарды аз үстөк пайыз, тез арада берилүүчү кредиттер менен өзүнө тартышат. Бирок кардар алардан зыян тартып калган учурда мыйзам жарандын укугун коргой албай калат. Мындай тобокелдиктерге барбай, алгач сиз кызматташа турган банк тууралуу тастыкталган маалыматтарга ээ болуп алыңыз", — деди Акимова.

Экономист лицензиясы бар банктар банкрот болгон кезде жаран салган депозитинин 200 миң сомго чейинкисин төлөп берүүгө милдеттенерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0