Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Адис кредити бар жарандар банктардан эмнени талап кыла аларын айтты

Жазылуу
Экономист Нургүл Акимова өлкөдө жарыяланган өзгөчө абалга байланыштуу банктардан насыя алган жарандардын кандай укуктары бар экендигин айтып берди.
Адис кредити бар жарандар банктардан эмнени талап кыла аларын айтты

Улуттук банк учурдагы кырдаалдан улам банктардан кредит алгандарга бир топ жеңилдиктерди берүүдө. Алар көбүнесе насыянын мөөнөтүнө, отчеттук иштерине байланыштуу. Муну кардарлар туура түшүнүшү зарыл. Бул тууралуу Нургүл Акимова Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасына маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Улуттук банктын ар бир чечимин өлкө аймагында лицензия алып мыйзамдуу түрдө иш жүргүзүп жаткан бардык банктар аткарууга тийиш.

"Улуттук банк бир катар жеңилдиктерди сунуштады. Алар көбүнесе отчетторду тапшырууга, насыяны төлөө убактысын кечиктирген учурда кредиттик тарыхына жазбоого жана ар кандай айып пулдарды кечүүгө чакырат. Ошондой эле өлкөдөгү абалдан улам бизнеси токтоп калган ишкерлерге үч айга чейин төлөө мөөнөтүн жылдырып берүү сунушталган. Бирок жарандар бир нерсени түшүнүүсү зарыл. Улуттук банк мындай жеңилдиктерди банктарга сунуштай гана алат. Ал эми сунуштун кайсы бөлүгүн аткарып, кайсынысын четке кагарын банктар өз мүмкүнчүлүгүнө карап чечет. Өлкөнүн биринчи банкы башка банктарды милдеттендире албайт. Алар ар кимиси өз мүмкүнчүлүгүнө жараша иш алып барат", — деди Акимова.

Ал ошондой эле кардарларга бир банк менен башка банктын ортосунда бул сунуштарды аткарууда айырмачылыктар болушу мүмкүндүгүн эскертти.

Жаңылыктар түрмөгү
0