Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жекшенкулов: Россияда коронавирус жуктурган кыргызстандыктар жок

© Sputnik / Асель АкматалиеваРоссиядагы Кыргызстандын элчиси Аликбек Жекшенкулов
Россиядагы Кыргызстандын элчиси Аликбек Жекшенкулов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиядагы Кыргызстандын элчиси Аликбек Жекшенкулов Ирандан келе жаткан автоунааларды Россия менен Казакстандын чек арасынан тосуп алып, медицина кызматкерлеринин жана полициянын коштоосунда Кыргызстанга жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди.
Жекшенкулов: Россияда коронавирус жуктурган кыргызстандыктар жок

17-мартта Россиядагы кыргыз элчилигинин алдында коронавирустун алдын алуу боюнча штаб түзүлгөн. Ошондон тарта элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, мекендештер менен тыгыз байланыштабыз. Бул тууралуу Аликбек Жекшенкулов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, азыркы учурда Россияда коронавирус жуктуруп алган кыргызстандыктар жок.

"Россияда коронавирус катталган күндөн тарта эле биз, диаспора жетекчилери, бул жактагы кыргызстандыктар менен тыгыз иштешүүдөбүз. Ал үчүн атайын штаб да түзүлгөн. Түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнүн натыйжасында айрым мекендештер Кыргызстанга кайтып кетишкен. Калгандары менен диаспоралар, элчилик дайым байланышта болуп, абалдары көзөмөлдө. Тилекке каршы, кызматы убактылуу токтоп, жумушу жок калгандар да бар. Эгер Кыргызстанга кетүүнү кааласа, учуп кете алышат. Каттамдар кыскартылган, бирок таптакыр токтоп калган жок. Аларга билет табуу, аэропортко жетүүдөн баштап бардык иштерине колдон келишинче жардам берип жатабыз. Россия бийлиги элчиликтин бардык өтүнүч, сунуштарын кабыл алып, ыкчам чечип берип жатканын да айта кетким келет", — деди Жекшенкулов.

Элчи ошондой эле Россия менен Кыргызстандын ортосунда түрдүү гуманитардык жардам, азык-түлүктөн тарта бардык жагдайлар боюнча сүйлөшүүлөр тынбай жүрүп жаткандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0