Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бекматов: шайлоого карата үгүт иштерин жүргүзгөндөргө чара көрүлөт

© Sputnik / Табылды КадырбековБорбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов республикага киргизилген өзгөчө кырдаалга байланыштуу жергиликтүү кеңештерге шайлоолор убактылуу токтотулганын айтты.
Бекматов: шайлоого карата үгүт иштерин жүргүзгөндөргө чара көрүлөт

Калктын саламаттыгы бардыгынан жогору турат. Ошондуктан 25 айылдык, 5 шаардык кеңешке өтчү шайлоо иштерине даярдык көрүүгө убактылуу чектөө киргизилди. Бул эрежеге баш ийбей үгүт иштерин уланткандар жоопко тартылат, керек болсо шайлоодон четтетилет. Бул тууралуу Абдыжапар Бекматов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, 2020-жылдын 12-апрелинде аталган аймактарда шайлоо өтмөк. Бул үчүн казынадан 56 миллион сом каражат бөлүнгөн болчу.

"Элдин ден соолугу баарынан жогору турат. Коронавирустан улам өлкөгө өзгөчө абал киргизилди. Буга байланыштуу жергиликтүү кеңештерге шайлоо өткөрүүнү убактылуу токтото туруу Жарлыгына мамлекет башчысы кол койду. Ошондуктан шайлоонун алкагында жүргүзүлчү бардык иштер токтотулат. Эгер мыйзамга баш ийбей, абалдан пайдаланып жардам көрсөтүп же башка аракеттер менен ачык же жабык үгүт иштерин жүргүзгөн талапкерлер, партиялар болсо чара көрүлөт. Аларды шайлоодон четтетүүгө чейинки катаал чечимдер кабыл алынышы мүмкүн. Талапкерлер азыркы учурда өз кызыкчылыктарынан жалпы коомдун кызыкчылыгын жогору коюшу керек", — деди Бекматов.

Ал жергиликтүү кеңештерге шайлоо өнөктүгүнө даярдыктар өлкөдө өзгөчө кырдаал алып салынган соң гана улантыларын кошумчалады.

Эске салсак, Кыргызстанда коронавирус илдетине байланыштуу 22-мартта өзгөчө кырдаал жарыяланган. Мындай абал республикада бир айга созулмакчы. Буга байланыштуу 23-мартта мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков 12-апрелде өтүүчү жергиликтүү шайлоого даярдык иштерин тотктото туруу боюнча документке кол койду.

Жаңылыктар түрмөгү
0