Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Нурматов: коронавирустан сактанууда жылуу суу жардам берет

Жазылуу
Вирустарды көзөмөлдөө боюнча республикалык илимий борбордун жетекчиси Зуридин Нурматов COVID-19 вирусу учурунда жүргүзүп туруучу профилактикалык аракеттер тууралуу айтты.
Нурматов: коронавирустан сактанууда жылуу суу жардам берет

Коронавирус илдетин алдын алууда колду самындап жуугандан сырткары жылуу суу менен мурун көңдөйүн, оозду чайкап туруу керек. Бул тууралуу Зуридин Нурматов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Адистин айтымында, аталган вирус салмагы боюнча оор болгондуктан, жуктуруп алган адам чүчкүргөндө көп бөлүгү абага тарабай, жерге түшөт.

"COVID-19 вирусу башка жугуштуу оорулардын вирустарына караганда оор болот. Андыктан ал илдетти алып жүрүүчү адам чүчкүргөндө көп бөлүгү абага тарап кетпей жерге түшүп, айланадагы буюмдарга жабышып калат. Эгер кеңседе болсо, компьютер, телефон, столдун үстүн антисептикалык кол аарчылар менен сүртүп туруу зарыл. Ошондой эле эшиктердин туткалары, коомдук транспорттогу көп адам кармоочу жерлери да вирус жуктуруп алуу коркунучу бар буюмдарга кирет. Ошондуктан дарыгерлер колду бат-бат самындап, жышып жууп турууну эскертишет. Мындан сырткары, көз, ооз, мурундагы былжырчалар да вирусту кабыл алууга абдан жөндөмдүү болгондуктан ооз, мурун көңдөйүн адам чыдагыдай жылуу суу менен чайкап туруу зарыл. Курамында спирти бар суюктуктар менен ооз, мурунду чайкабагыла. Алар назик терини күйгүзүп салат. Кадимки эле жылуу суу менен 2-3 кайталап чайкап турууну адатка айландыруу зарыл. Бул кадимки бет капка караганда эффективдүү. Бирок муну менен катар эле медициналык бет каптарды тагынбай коюуга болбойт. Ал маскалар абага тараган вирустун майда бөлүкчөлөрүнөн коргой алат. Масканы маал-маалы менен алмаштырып тагынуу зарыл", — деди вирусолог.

Дарыгер жугуштуу оорулар учурунда адамдар кол алышып, беттен өөп учурашууну токтото туруусу COVID-19 вирусунун тарап кетишинин алдын аларын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0