Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кулмендеев: "Ак Илбирсти" мурда жеңип келгендер мыктыларды аныктайт

© Sputnik / Табылды КадырбековРуководитель киноакадемии "Ак Илбирс" Таалайбек Кулмендеев
Руководитель киноакадемии Ак Илбирс Таалайбек Кулмендеев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Ак Илбирс" киноакадемиясынын жетекчиси Таалайбек Кулмендеев кино сыйлык 2016-жылдан бери Борбор Азиядагы мыкты тасма, мыкты актер жана актрисага сыйлык берип келерин айтты.

Быйыл 18 кыска метраждуу, тогуз толук метраждуу, 13 даректүү болуп, жалпы 40 тасма келип түштү. Анын ичинен беш толук, алты кыска метраждуу тасма жана алты документалдык картина мыктылыкка ат салышат. Бул тууралуу Таалайбек Кулмендеев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Кулмендеев: "Ак Илбирсти" мурда жеңип келгендер мыктыларды аныктайт

Анын айтымында, "Ак Илбирс — 2021" X сыйлык тапшыруу аземине мурда жеңип келген киночулар калыстар тобунун мүчөсү болушат.

"Быйыл "Ак Илбирс" кино сыйлыгы тогузунчу ирет өткөнү турат. Өткөрүү форматы мурдагыдай эле, жалпы 18 номинацияда сыйлык тапшырылат. Иш-чарага даярдык жаңы жылдан баштап эле жүрүп жатат. Алсак, улуттук кино сыйлыкка февралдан март айына чейин 2019-жылы тартылган эмгектерди кабыл алдык. Калыстар тобу улуттук тасмаларды көрүп чыгып, баасын берип, мыктыларын аныкташты. Азыр эми Борбордук Азиядан келген тасмаларга баа берүү болуп жатат. Калыстар тобунун мүчөлөрү тууралуу айта турган болсок, негизи биз кино тармагына, маданиятка эмгеги сиңген 200-300 адамдан турган тизме түзүп, "рандом" ыкмасы менен 60-70тей кишини калыстар тобунун курамына тандап алабыз. Алар мыктыларды добуш берүү менен аныктайт. Быйыл калыстар курамына тандап алынган 60тай адамдын ичинен 30дайы келип мыктыларды аныктаганга көмөктөшүштү. Ал эми добуштун жыйынтыгын биз тогуз жылдан бери иштешип келген юридикалык компания сыйлык тапшыруу аземинде гана ачыктайт. Андан тышкары, учурда эпидемия жүрүп жатканына байланыштуу чет элдик коноктордун келер-келбеси аныктала элек. Бирок кантсе да иш-чараны үзгүлтүккө учуратпаганга аракет кылабыз", — деди Кулмендеев.

Ал сыйлык тапшыруу аземи 25-апрель күнү "Манас" кинотеатрында өтөрүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0