Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Дамир уулу: жаз мезгилине пландалган саякаттар токтотулду

© Sputnik / Табылды КадырбековДиректор департамента при Минкультуры Максат Дамир уулу
Директор департамента при Минкультуры Максат Дамир уулу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаментинин жетекчиси Максат Дамир уулу COVID-19 вирусу туризм тармагына терс таасир тийгизип жаткандыгын айтты.

Экономика өспөй калды, турфирмалар банкрот болуп жатат деген таризде дүрбөлөң чыгаруу туура эмес. Анткени адамдардын коопсуздугу саякаттан жогору турушу керек. Мындай пикирин Максат Дамир уулу Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Дамир уулу: жаз мезгилине пландалган саякаттар токтотулду

Анын айтымында, туризм тармагы Кыргызстанда эле эмес, дүйнө жүзүндө басаңдаганы байкалууда.

"2019-жылы туризм жааты өлкө бюджетине 630 миллион доллар каражат алып келген. Буга чейинки беш жыл аралыгында түшкөн кирешени анализдеп, 2020-жылга карата 680 миллион пайда табууну божомолдогонбуз. Бирок COVID-19 илдетинин жайылышына байланыштуу мунун ишке ашышы эми татаал. Албетте, жагдайдын жакшы жагына өзгөрүшүн күтүп жатабыз. Мындан бир канча күн мурун Кытай вирусту жеңгенин жар салды. Башка мамлекеттерде дагы абал жакшырса туристтик агым өз нугуна келе баштайт деген ишеним бар. Ошентсе дагы туризмден түшкөн киреше биз божомолдогондон 50 пайызга чейин төмөндөшү ыктымал. Бирок Кыргызстан үчүн адамдардын ден соолугу, коопсуздугу алдыңкы орунда. Ал эми экономика андан кийинки маселе. Мындан улам туризмдин таскагы басаңдап калды, турфирмалар банкрот болушу мүмкүн деп дүрбөлөң кылуу туура эмес. Биз март, апрель, май айларына пландалган бардык туристтик саякаттарды токтоттук", — деди Дамир уулу.

Ошондой эле ал туризм менен алектенген ишкерлерди абалды түшүнүү менен кабыл алууга чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0