Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кадыров: балык уулоочу синтетикалык тор саткандар 20-30 миң сом айып төлөйт

© Sputnik / Эркин СадыковЭкология тармагында көз карандысыз эксперт Арстан Кадыров
Экология тармагында көз карандысыз эксперт Арстан Кадыров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экология тармагында көз карандысыз эксперт Арстан Кадыров эми балык уулоочу синтетикалык торлорду, электр тогу менен кармоочу жабдыктарды өлкө аймагына алып келүүгө, өндүрүүгө, даярдоого, сатууга жана пайдаланууга тыюу салган мыйзам иштерин айтты.
Кадыров: балык уулоочу синтетикалык тор саткандар 20-30 миң сом айып төлөйт

Мындан ары синтетикалык торлорду жана электр тогу менен иштеген балык уулоочу аппараттарды сатып же колдонгондор 20-30 миң сомго дейре айыпка жыгылат. Бул тууралуу Арстан Кадыров Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мыйзамсыз балык уулоого чыгып, мамлекетке 1 миллион сомдон ашык зыян алып келген браконьерлер 260 миң сом айып төлөп берүүдөн тарта 2,6 жылга чейин эркинен ажыратылат.

"Эми Кыргызстанга балык уулоочу синтетикалык торлорду, электр тогу менен кармоочу жабдыктарды алып келүүгө, өндүрүүгө, даярдоого, сатууга жана пайдаланууга мыйзам жүзүндө тыюу салынды. Бул чоң жетишкендик. Анткени буга чейин мыйзамсыз балык уулоонун кесепети менен күрөшүп келсек, эми аны алдын алууга болот. Мисалы, браконьерлер узундугу 100 метрден ашкан торлорду көлмөлөргө ыргытып, аны чыгарбай кеткен учурлары көп. Ага түшкөн тонналаган балыктар ошол жерде чирип, экологияга олуттуу зыян алып келүүдө. Мындан ары синтетикалык торлорду жана электр тогу менен иштеген балык уулоочу аппараттарды сатып же колдонгондор 20-30 миң сомго дейре айыпка жыгылат. Ошондой эле мамлекетке 1 миллион сомдон ашык зыян алып келген браконьерлер кармалса, кылмыштын оордугуна жараша 260 миң сом айып салынат же 2,6 жылга эркинен ажыратылат жана бардык жабдыктары конфискацияланат", — деди Кадыров.

Эксперт мыйзамсыз балык уулоо менен күрөшүүдө бийлик бул ишке жергиликтүү калкты тартуусу керектигин айтып, алар менен келишимдин негизинде өнөктөш катары иш алып баруу зарылдыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0