Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Тайлаков: ундун баасы Бишкекте 29, Ошто 31 сомдон ашпайт

© Sputnik / Табылды КадырбековЗамдиректора Госагентства антимонопольного регулирования Кенешбай Тайлаков
Замдиректора Госагентства антимонопольного регулирования Кенешбай Тайлаков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин директорунун орун басары Кеңешбай Тайлаков бааны жасалма көтөрүүгө аракет жасагандарга чара көрүлө турганын айтты.
Тайлаков: ундун баасы Бишкекте 29, Ошто 31 сомдон ашпайт

Коронавируска байланыштуу айрым азык-түлүктөрдү кымбаттатууга чектөөлөр коюлууда. Ага ылайык, жогорку сорттогу ундун баасы Бишкекте 29, Ошто 31 сомдон ашпоосу зарыл. Бул тууралуу Кеңешбай Тайлаков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, коронавируска байланыштуу абалдан пайдаланып, айрым кара ниет алып сатуучулар жасалма түрдө бааларды көтөрүүгө аракет кылышты.

"Азык-түлүк рыногу ачык-айкын атаандаштык шартта, эркин, суроо-талапка жараша бааларды коюп иш алып барат. Ошол эле учурда өкмөттүн 242-токтому бар. Анда социалдык маанилүү азык-түлүктөрдүн тизмеси бектилген. Аталган тизмеде эт, ун, өсүмдүк майы, күйүүчү май жана башка 11 азык-түлүк жана үч товардык позиция бар. Ошондой эле өкмөттүн 155-токтомуна ылайык, айрым товарлардын баасын турукташтыруу каралып, аны ишке ашыруу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агентигине тапшырылды. Мунун баары дүйнөнү каптап жаткан COVID-19дан улам баалардын көтөрүлүшүнө жол бербей, керектөөчүлөрдүн укугун коргоо максатында жасалууда. Учурда баалар коюлуп, Салык органдары, Финансылык полиция жана Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги  көзөмөл жүргүзүп жатат. Коюлган бааларга токтоло кетсем, Бишкек шаарында жогорку сорттогу ундун баасы  киллограмына 29 сомдон, Ошто 31 сомдон ашпашы зарыл. Ошондой эле бардык аймактарда белгиленген ар кандай баалар коюлууда. Бааларды көтөргөндөргө айып салынып, чаралар көрүлөт. Эгерде атайын сүйлөшүп алуу менен бааларды көтөрүшкөн болсо, кылмыш жоопкерчилиги дагы каралган", — деди Тайлаков.

Ошондой эле ал бааларды жөнгө салууда жергиликтүү бийликтин ролу жогору экендигин белгилеп, алар жеринен мониторинг кылып маалымат берип туруусу керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0