17:17 27 Бугу 2020
Түз эфир
  • USD73.4900
  • EUR80.5230
  • RUB1.0341

Психолог: бала ата-энесинин мамилесин түйүлдүк кезинен эле сезет

Радио
Кыскача шилтеме алуу
172 0 0

Психология илимдеринин кандидаты, психолог Канышай Кожокелдиева балалуу болууга даярданып жаткан ата-энелер чүрпөсүн чыдамсыздык менен күтүп, ал түйүлдүк кезинде эле сүйлөшүп, жакшы мамиле кылуусу керектигин айтты.

Психолог: бала ата-энесинин мамилесин түйүлдүк кезинен эле сезет

Ар бир эле ата-эне өз баласын чыдамсыздык менен күтөт. Бул туура, психиологдор да муну колдойт. Бирок айрымдар баласы төрөлө электе эле анын келбетинен тарта мүнөзүнө чейин элестетип алып, так ошондой чүрпөлүү болом деп ойлошот. Чындыгында андай боло бербейт. Балдар ар кандай болуп төрөлөт. Бул тууралуу Канышай Кожокелдиева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бала түйүлдүк кезинен эле энеси аркылуу сырткы өзгөрүүлөрдү, кубулуштарды, жада калса ага болгон мамилеге чейин сезип, туюп турат.

"Бала курсакта пайда болгон күндөн тарта ага жакшы мамиле кылып баштоо зарыл. Мисалы, сүйлөшүп, ал тууралуу жагымдуу ойлорду айтып, ата-энелик мээримди сездирүү менен аны сыртта чыдамсыздык менен күтүп жаткандай таасир калтыруу керек. Анткени түйүлдүк жетиле баштагандан тарта энеси аркылуу сыртта кандай өзгөрүүлөр болуп жатканын туят, ошого жараша калыптанат. Муну окумуштуулар далилдешкен. Бирок бул жерде эске ала турган бир жагдай — баланын келбетинен тарта мүнөзүнө чейин элестетип алып күткөн туура эмес. Себеби бала ар кандай болуп төрөлөт. Анын келбети жана мүнөзү кандай болорун алдын ала айтууга болбойт. Айрым учурда ата-эне күткөндөй бала төрөлбөсө, ага билинер-билинбес жек көрүү, өгөйлөө сыяктуу мамиле жарала баштайт. Бул абдан терс көрүнүш. Анткени ымыркай баарын сезет, кийин анын инсандык калыптануусунда көйгөй жаралышы мүмкүн. Мындан улам балалуу болууга даярданып жаткан ата-энелер оюнда аша чаап идеалдуу баланын образын түзүп алып күтпөй, чүрпөсү кандай болуп төрөлсө да кабыл алууга даяр экенин түйүлдүккө сездирип, анын жарык дүйнөгө келишин күтүп жатышканын туйдуруп турганы туура болот", — деди Кожокелдиева.

Психолог кыргызда баланын жарык дүйнөгө келишин бир эле ата-энеси эмес, бардык тууган-уругу жапырт күткөнү абдан жакшы көрүнүш экенин айтып жана бул баланын инсан катары жетилишине жакшы өбөлгө болорун кошумчалады.

Тема боюнча

Психолог: баланын жүрүм-туруму ага жасалган мамиледен көз каранды
Белгилер:
мамиле, ата-эне, бала, психология

ЭҢ МААНИЛҮҮ