Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Ибраимова: 2020-жылы тестирлөө 15-20-май аралыгында жүргүзүлөт

© Sputnik / Табылды КадырбековГлава сектора по развитию государственного языка Министерства образования и науки КР Гульнара Ибраимова
Глава сектора по развитию государственного языка Министерства образования и науки КР Гульнара Ибраимова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Билим берүү жана илим министрлигинин Мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Гүлнара Ибраимова документи жок жана каттоодон өтпөгөн абитуриенттер тестке киргизилбей турганын айтты.
Ибраимова: 2020-жылы тестирлөө 15-20-май аралыгында жүргүзүлөт

Сынакты өткөрүүнүн алдында алдамчылык кылып, ЖРТдан жогорку балл алып берем дегендер пайда болот. Андан тышкары, тааныш издеп, жеке мага кайрылгандар бар. Тестирлөөгө кийлигишип, каалаганыңдай жыйынтык алуу мүмкүн эмес. Бул тууралуу Гүлнара Ибраимова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору белгилегендей, былтыр ЖРТ учурунда 20дай эреже бузуу катталган. Алсак, ордуна башка бирөөнү киргизип жиберүү, көчүрүү, уюлдук телефон колдонуу сыяктуу чектен чыккан көрүнүштөр болгон.

"Быйыл жалпы республикалык тест тапшыруучулар үчүн 26-февралда башталган каттоо 3-апрелге чейин уланат. Ал эми сынак 15-20-май аралыгында жүргүзүлөт. Абитуриент негизги тест менен бирге келечектеги адистигине жараша кошумча предметтик тестке катталып, акчасын төлөп, квитанция алат. Быйыл негизги тесттин жана кошумча предметтин баасы 370 сом. Каттоодон өтүш үчүн абитуриентке паспорт, эгер ала элек болсо, туулгандыгы тууралуу күбөлүк, жакын арада түшкөн 3х4 өлчөмүндөгү эки сүрөт, тест акысын төлөгөндүгүн тастыктаган квитанция керек болот. Ошондой эле мектепте окуп жаткандыгы тууралуу маалымдамасы, ал эми мурдагы жылдардын бүтүрүүчүлөрүндө жалпы орто мектепти бүтүргөндүгүн тастыктаган аттестаттын түп нускасы болушу шарт. Жалпы республика боюнча 130 тестирлөө борбору түзүлдү. Андан тышкары, 1000ден ашуун администратор даярдыктан өтүп жатат", — деди Ибраимова.

Ал ЖРТ абитуриенттин мектеп программасына даярдыгын эмес, жеке жөндөмдүүлүгүн көрсөткөндүктөн, жакшы же жаман окугандардын мектептеги бааларынан айырмалаган жыйынтык болуп калышы мүмкүн экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0