03:57 06 Кулжа 2020
Түз эфир
  • USD74.2343
  • EUR84.1186
  • RUB1.0816

Жаманкулов: чыгармачылык союздарга быйыл 20 миллион сом бөлүндү

Радио
Кыскача шилтеме алуу
97 0 0

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов быйыл чыгармачылык союздарды колдоого өзгөчө көңүл буруларын айтты.

Жаманкулов: чыгармачылык союздарга быйыл 20 миллион сом бөлүндү

Быйыл чыгармачылык союздарына 20 миллион сом бөлүндү. Бул каражатка ар түрдүү конкурстар уюштурулат. Бул тууралуу Азамат Жаманкулов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, республикада сүрөтчүлөр, композиторлор, жазуучулар, журналисттер жана кинематографтар союзу деген аталышта беш союз бар.

"Быйыл чыгармачыл адамдардын башын бириктирип, министрлик менен ошол таланттардын ортосунда көпүрө болуп келген союздарга өзгөчө көңүл бурулууда. Ага ылайык, президенттин колдоосу, өкмөт башчынын тапшырмасы менен 20 миллион сом бөлүндү. Бул каражатка түрдүү конкурстар уюштурулат. Мисалы, Жазуучулар союзунун мүчөлөрү үчүн "эң мыкты проза", "эң мыкты поэзия", "эң мыкты балдар чыгармасы" деген сыяктуу аталыштагы сынактар өтсө, сүрөтчүлөр арасында "Апрель революциясынын 10 жылдыгы", "Улуу Жеңиштин 75 жылдыгы" деген тематикадагы конкурстар уюштурулат. Кино тармагында да мына ушундай багыттагы кызыктыруучу сынактарды өткөрүү пландалууда", — деди Жаманкулов.

Министр республикадагы сүрөтчүлөргө кыргыз маданиятында өзгөчө орду бар инсандардын портреттерин тарттырып, Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейине өткөрүп берүү иштери пландалып жатканын кошумчалады.

Тема боюнча

Кызды өбө коём деп иштен айдалып кете жаздагам. Алтынбек Сапаралиев менен маек
Калчабаева: азыркы китептердин көбү адабиятты эмес, макулатура алгандарды байытат
Белгилер:
чыгармачылык, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги

ЭҢ МААНИЛҮҮ