Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Исираилов: малды бир өңчөй тоют менен баккан туура эмес

© Sputnik / Асел СыдыковаВетеринар Азиз Исираилов
Ветеринар Азиз Исираилов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ветеринар Азиз Исираилов малдын тоюту ар кыл болушу керек экендигин белгилеп, талапка жооп берген рациону тууралуу айтып берди.
Исираилов: малды бир өңчөй тоют менен баккан туура эмес

Малды бир өңчөй тоют менен баккан туура эмес. Анын сапатын арттырыш үчүн рационун түрлөнтүш керек. Ошондой эле эт багытындагы малды өзүнчө бөлүп багуу зарыл. Ага тоют кадимки малдан 1-2 киллограммга көп берилет. Бул тууралуу Азиз Исираилов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, учурда өлкөдө уйду бордоп баккандар көп кездешет.

"Эт багытында байлап баккан уйга кыш мезгилинде арпа самандан 5-6 килограмм, табигый чөп, эспарцет же бедеден үч килограмм бериш керек. Учурда силос же сенаж деген тоюттар жасалбай калды. Аны жасоону акырындык менен калыбына келтирип келе жаткан фермерлерибиз да бар. Андан 10 килограмм берилет. Концентраттык тоюттар деп коет, башкача айтканда, рационго арпанын тартылганынан эки килограмм жана 50 грамм туз кошуу зарыл. Ал эми койлорго табигый чөп эки килограмм, чыктуу тоюттан үч килограмм жана концентраттык тоюттан 400-600 грамм жана 15-20 грамм туз берген туура болот. Жылкынын тоютунун 70 пайызын чөп түзүшү шарт. Ал эми 30 пайызы кошумча минералдык тоют болуусу зарыл. Мисалы, чөбү 10 килограмм, концентраттык тоюту алты киллограм болот. Мындан тышкары, спорттук иш-чараларга катышкан жылкыларга тоют берерде күнүнө өсүмдүк майынан 100 грамм, бир кашык бал, анан сулу кошуп бериш керек", — деди Исираилов.

Мал доктур сулу жылкынын сымбатын арттыра турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0