Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кулабаева: бетти укалоо жашартып, тиш, кулак, неврит илдетин айыктырат

© Sputnik / Табылды КадырбековСкульптуралык массаждын мастери Мира Кулабаева
Скульптуралык массаждын мастери Мира Кулабаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Скульптуралык массаждын мастери Мира Кулабаева аталган массаж алгач медицинада инсульттан кийин беттеги өзгөрүүлөрдү калыбына келтирүү максатында колдонула баштаганын айтты.
Кулабаева: бетти укалоо жашартып, тиш, кулак, неврит илдетин айыктырат

Скульптуралык массаж — бул теринин картаюусу менен күрөшүүнүн эң натыйжалуу ыкмасы. Массаждын жардамы менен бет булчуңдарынын чарчоосу жазылат, шишиктер кетет. Бул тууралуу Мира Кулабаева Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бетти укалоо бир гана жашартпастан, тиш ооруганда жаактын шишигин, кулак дартын айыктырып же неврит илдетине чалдыккандардын жүзүн калыбына келтирет.

"Биз күнөстүү жерде жашагандыктан бетке эрте эле бырыш түшө баштайт. Андан тышкары, адамдын ички жан дүйнөсүнүн абалы, эмоциясы жүзүнө түздөн-түз таасирин тийгизет. Жаш өткөн сайын адамдын бетинде өзгөрүүлөр боло баштайт. Бирок айрым адамдар кабагын дайыма бүркөп, бетти ашыкча тырыштырып күлгөндүктөн чекеде, көздүн айланасында эрте эле бырыштар пайда болот. Эгер  адам жүзүндө мимикалык бырыштар эрте түшүп баштаганын байкаса, адат болуп калган эмоцияларды азайтууга аракет кылышы керек. Учурда бул маселеден косметологиялык кызматтардын жардамы менен арылып келишет. Ал эки-үч ай гана болушу мүмкүн. Ошондуктан массаж жасап табигый жол менен жашаруу ыкмасын сунуштайт элем. Алсак, бул нерсени үйдөн деле крем коюп жатып колдонсок болот. Учурда интернет айдыңында бетке массаж жасоону үйрөткөн бир нече видео сабактар бар", — деди Кулабаева.

Ал көңүлдүү маанайда жүрүү жана косметикалык каражаттарды туура колдонуу бырыштын алдын аларын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0