Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Ибраимова: быйыл ЖРТга эки жаңы предмет кошулду

© Sputnik / Табылды КадырбековБилим берүү жана илим министрлигинин Мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Гүлнара Ибраимова
Билим берүү жана илим министрлигинин Мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Гүлнара Ибраимова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Билим берүү жана илим министрлигинин Мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Гүлнара Ибраимова 10-11-класстын окуучуларынын кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты сабактарына ЖРТга даярдануу үчүн кошумча сааттар белгиленгендигин айтты.
Ибраимова: быйыл ЖРТга эки жаңы предмет кошулду

2020-жылы ЖРТга кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты боюнча жаӊы предметтик тесттер киргизилди. Аталган тесттерди филология адистигине барам деген абитуриенттер тапшырышы керек. Бул тууралуу Гүлнара Ибраимова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, быйыл 58 000ден ашуун бүтүрүүчү мектепти аяктайт.

"Буга чейин абитуриенттер химия, биология, физика, математика, тарых жана англис тилинен кошумча предметтик тест тапшырып келишсе, быйылкы жылдын өзгөчөлүгү болуп кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты кошумча предмет катары киргизилди. Мында башка сабактардагыдай эле 40тан тапшырма даярдалды. Аталган предметтер күтүүсүздөн эле кирип калган жок. Буга эки жылдай даярдык көрүлдү. Учурда тилди билүү деңгээлине жараша сабак өтүлө баштады. Тилди үйрөтүү стандарттарына өзгөртүү киргизилип, 80 мектепте пилоттук негизде сабактар өтүлүп, аларга китептер таратылды. Ал эми республиканын бардык мектептерине электрондук варианты берилген. Окутуу программасында тестирлөөдө кездеше турган окуп түшүнүү, сүйлөмдөрдү толуктоо, аналогиялар бар. Андан тышкары, мугалимдерди окутуу программасы да иштелип чыккан, аларга атайын методикалык колдонмо берилди. Бүгүнкү күндө министрликтин алдында түзүлгөн тилчилерди окутуу борбору иштеп жатат. Жаңы стандарт боюнча 1500дөн ашуун мугалим окуудан өттү. Жалпы 3000дей мугалим даярдалат", — деди Ибраимова.

Ал былтыр жалпы республикалык тестирлөө учурунда 20дай эреже бузуу катталып, абитуриенттер эскертүү алып, айрымдары сынактан четтетилгенин айтып, мындан улам бүтүрүүчүлөрдү тестке олуттуу мамиле жасоого чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0