Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Каримбекова: өлкө боюнча 225 медиатор иш жүргүзүүдө

© Sputnik / Табылды КадырбековУлуттук медиация борбору коомдук бирикмесинин төрайымы Анара Каримбекова
Улуттук медиация борбору коомдук бирикмесинин төрайымы Анара Каримбекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук медиация борбору коомдук бирикмесинин төрайымы Анара Каримбекова чыр-чатакты сотко жеткирбей чечүү үчүн медиация институтун өнүктүрүү зарыл болгонун белгилейт.
Каримбекова: өлкө боюнча 225 медиатор иш жүргүзүүдө

Медиаторлор — бул үй-бүлөлүк, коммерциялык жана башка чыр-чатактарды чечкенге көмөктөшкөн бейтарап адамдар. Ага кайрылуу ыктыярдуу түрдө болушу шарт. Бул тууралуу Анара Каримбекова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө 2017-жылдын 28-июлунда "Медиация жөнүндө" мыйзам кабыл алынган. Ага ылайык, сотко чейинки жөнгө салуу процессин аткарган медиация институту түзүлгөн.

"2010-жылдагы улуттар аралык чыр-чатак республикада медиация институтун түзүүгө түрткү болгон. Мындан тышкары, юристтер конфликттерди сотко жеткирбей кантип чечсе боло тургандыгын ойлонуп, атайын бул багытта иш алып барган мекеме керектигин айтышкан. Сот учурунда деле тараптар келишип алса болот. Бирок аны кандайча ишке ашыруу керектигин биле беришпейт. Ал эми сотторду ар бир тараптын кызыкчылыгын эске алып сүйлөшүүгө ыйгарым укугу, мүмкүнчүлүгү дагы жок. Мына ушул жагдайларда медиаторлор жардам берип, чыр-чатактарды күчөп кете элегинде чечүүгө көмөктөшөт. Мындан улам 2012-жылы медиация институтун өнүктүрүп, жайылтуу иштери башталган. Тактап айтканда, медиаторлорду окутуп, аларды даярдоо колго алынган. Себеби медиаторлор жогорку билимдүү, 25 жаштан өткөн, соттолбогон, ошондой эле муниципалдык жана мамлекеттик жумушта иштебеген адам болушу шарт. Учурда өлкө боюнча 225 медиатор ишмердигин жүргүзүүдө", — деди Каримбекова.

Ошондой эле ал азырынча кыргызстандык медиаторлор анча оор эмес кылмыштар боюнча гана жарандар менен иштешип жаткандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0