Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Ойтемиров: аялдарга тыюу салынган кесиптер боюнча мыйзам өзгөртүүгө муктаж

© Sputnik / Эркин СадыковЭмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Эмгек башкармалыгынын башчысы Махмуд Ойтемиров. Архив
Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Эмгек башкармалыгынын башчысы Махмуд Ойтемиров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Эмгек башкармалыгынын башчысы Махмуд Ойтемиров Кыргызстанда кыз-келиндердин иштөөсүнө тыюу салган мыйзамда 400дөн ашуун кесип катталгандыгын айтты.
Ойтемиров: аялдарга тыюу салынган кесиптер боюнча мыйзам өзгөртүүгө муктаж

Аялдар иштөөгө мыйзам жүзүндө тыюу салынган айрым кесиптер биздин өлкөдө да бар. Алардын жалпы саны 460. Бирок арасында актуалдуулугун жоготкондору да кездешет. Бул тууралуу Махмуд Ойтемиров Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мыйзам аялдарды ар түрдүү оор жумуш, химиялык заттардан коргоп, алардын ден соолугуна кам көрүү үчүн кабыл алынган.

"Аялзатынын дене түзүлүшү эркектикинен айырмаланып оор жумуштарга ылайыкташкан эмес. Бул үй-бүлөдөн эле башталат. Кыздарга "оор көтөрбө", "сууга колуңду көп салба" деген сөздөрдү айтабыз. Ошол сыяктуу эле мыйзам аялдардын ден соолугун коргоп, оор жана айрым химикаттар менен иштеген кызматтарга иштөөгө тыюу салат. Мыйзамда жалпысынан 400дөн ашуун кесип болсо, алардын бир тобу актуалдуулугун жоготкон. Айрымдары такыр эле иштебей калса, кээ бирлери техниканын өнүгүшү менен керектен чыккан. Ошондуктан бул мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизип, эң кооптууларын гана калтырып, тизмени кыскарталы деген максат койдук. Бул багытта атайын жумушчу топ түзүлүп, кесиптерди үч багытка - "олуттуу зыян алып келүүчү", "орточо зыян берүүчү" жана "аялдын организмине анчейин деле коркунуч жаратпоочу" кесиптер деп бөлүп алдык. Олуттуу зыян берүүчү деген биринчи тизмеде 60тай кесип калды. Ошолорго кыз-келиндердин иштөөсүнө тыюуну калтырып, калгандарына уруксат берүүнү пландап жатабыз", — деди Ойтемиров.

Ал аталган кесиптер башкаруучу кызматтарга тиешеси жоктугун, аялдар каалаган жетекчилик кызматта иштей ала тургандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0