Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Акназаров: былтыр 5200 мамлекеттик кызматкер декларация тапшырган эмес

© Фото / пресс-служба ГП КРБашкы прокуратуранын Коррупцияга каршы күрөшүү жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Залкар Акназаров
Башкы прокуратуранын Коррупцияга каршы күрөшүү жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Залкар Акназаров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Башкы прокуратуранын Коррупцияга каршы күрөшүү жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Залкар Акназаров декларацияны өз убагында тапшыруу керектигин айтты.
Акназаров: былтыр 5200 мамлекеттик кызматкер декларация тапшырган эмес

Мыйзамга ылайык, ар бир мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер 1-апрелден кечиктирбей декларация тапшырышы зарыл. Эгерде кандайдыр бир толуктоо же өзгөртүүлөр киргизиле турган болсо, аны 30-июндан кечиктирбеши керек. Бул тууралуу Залкар Акназаров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, декларацияны тапшырбай коюу мыйзам бузуу болуп саналат.

"2019-жылы Салык кызматынан мамлекеттик жана муниципалдык кызмат адамдары тарабынан декларация тапшырууда мыйзам бузду деген 13 миңден ашык материал, маалымат келип түшкөн. Алардын ичинен декларацияны мыйзамда көрсөтүлгөн убакта тапшырбай койгон 1200, такыр эле тапшырбай койгондор 5200, мындан тышкары, тапшырылган декларацияларда толук же так эмес маалымат жазгандар 7500 болду. Булар боюнча прокуратура тарабынан мыйзам чегинде 1530 сунуш Каржы полициясына берилип, 2200 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер дисциплинардык жоопкерчиликке тартылды. Айрым маалыматтар тиешелүү иликтөө жүргүзүү үчүн тийиштүү мамлекеттик органдарга кайра жиберилди", — деди Акназаров.

Ошондой эле ал мыйзам боюнча декларацияны мамлекеттик жана муниципалдык, саясий, административдик, дипломатиялык, аскердик кызматтын, укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана Улуттук банктын төрагасы менен орун басарлары тапшырышы керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0