04:10 06 Кулжа 2020
Түз эфир
  • USD74.2343
  • EUR84.1186
  • RUB1.0816

Эгембердиев: жасалма мөңгү тоңдуралы десем айрымдар күлгөн

Радио
Кыскача шилтеме алуу
180 0 0

"Кыргыз жайыты" улуттук ассоциациясынын жетекчиси Абдымалик Эгембердиев жасалма мөңгү суу тартыштыгын чечүүгө жардам бере турганын айтты.

Эгембердиев: жасалма мөңгү тоңдуралы десем айрымдар күлгөн

Жасалма мөңгү тоңдуруу идеясын жайыт комитеттерине сунуштасам, кээ бири күлдү, айрымдары тамаша иретинде кабыл алышты. Кийин Нарында сөз арасында ушул тууралуу сүйлөшүп калып, идеяны ал жердеги жайыт комитети, аксакалдар колдоого алып, мөңгү тоңдурдук. Бул тууралуу Абдымалик Эгембердиев Sputnik Кыргызстан радиосунун "Стимул" програмасында маек куруп жатып билдирди.

Айтымында, ал интернеттен непалдык инженердин мөңгү жасаганын көрүп, шыктанып калган.

"Өлкөдө жакшы жайлоолор бар. Алардын айрымдарында суу жок. Малчылар аргасыз жайлап, малын он чакырым айдап барып сугарышат. Мындан улам мал жакшы эттене албайт. Ошондуктан жасалма мөңгү тоңдуруу керектигин ойлонуп, жайыт комитеттерине сунуштадым. Алардын айрымдары күлүп, кээ бири тамаша катары кабыл алышты. Өткөн жылы Нарын районунун Жерге-Тал айылында болгонумда ушул идеяны айтсам колдоо тапты. Жайыт комитети, аксакалдар кеңеши менен керектүү жерди таптык. Ал жерде тоонун башында булак бар экен. Ага 20 метрлик труба орнотуп, суу тоңдурдук. Жазында эрий баштаганда аны малга суу, сугат суу катары колдонсо болот. Санай берсек жасалма мөңгү тоңдуруунун пайдалуу жактары абдан көп. Азыр анын сүрөт, видеолорун өлкөдөгү жайыт комитеттерине жиберип жатабыз. Алар муну ишке ашыруу керектигин билдирип, демилгени колдоого алышууда", — деди Эгембердиев.

Ошондой эле ал жасалма мөңгү тоңдуруу менен айлана-чөйрөгө, экологияга кам көрүүгө боло турганын кошумчалады.

Тема боюнча

Кабылбеков: мөңгүлөрдү сактабасак Борбор Азия чөлгө айланышы мүмкүн
Эколог: Борбор Азия мамлекеттери чөлгө айланып калышы мүмкүн
Белгилер:
экология, жайыт, Мөңгү, жасалма

ЭҢ МААНИЛҮҮ