Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сыдыков: калпак адамдын жашы, даражасына жараша кийилген

Жазылуу
Манасчы Дөөлөт Сыдыков калпакка түшүрүлгөн символдор эмнени билдире турганын чечмелеп, алардын маани-маңызын түшүндүрүп берди.
Сыдыков: калпак адамдын жашы, даражасына жараша кийилген

Кыргыздар мурда калпактын кийилишине, анын өңү-түсүнө карап адамдын жашын, даражасын аныкташкан. Бул тууралуу Дөөлөт Сыдыков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

"Манаста калпак тууралуу кеңири айтылат. Мисалы, Көкөтөйдүн ашына эки жыл даярдык көрүлгөн. Ошондо "жашыл кыргак калпакты жаш балдарга кийгизип, сый-урматын билгизип" деп айтылган жери бар. Башкача айтканда, мурда кыргызда калпак жашына, даражасына карата кийилген. Алсак, жаш балдарга жашыл, жигиттик куракка келип калгандарга кызыл, ак-караны ажыратып калгандарга кара кыргактуу, ал эми аксакалдар ак калпак кийишкен. Ошондой эле калпактын төбөсүндөгү чачыгы кырк урууну бир башка бириктирип, бийик көтөрүп жүрөбүз дегенди түшүндүрөт. Андан тышкары, төрт тарабың кыбыла деп айтылат кыргызда. Калпакта мына ошол нерсе чагылдырылып, жер планетасынын бардык бөлүгү, анда жашаган адамдар тең жана баарына бирдей мамиле кылуу зарыл деген ойду камтыйт. Мындан тышкары, калпакта эр оюм түшүрүлгөн. Ал ата, эне, бала деген үч башатты түшүндүрөт", — деди Сыдыков.

Манасчы ошондой эле калпактын формасы Ала-Тоону чагылдырып, кыргыздар аны байырлаган эл экенин айтып турарын кошумчалады.

 

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0