Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Максутов: эриш-аркак жылдын ачылышына артисттерди тандоо оор болду

© Sputnik / Табылды КадырбековМурдагы маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максутов
Мурдагы маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максутов
 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан — Россия эриш-аркак жылынын ачылыш аземине арналган гала-концерттин башкы режиссеру бул салтанатка артисттерди тандоо кыйынчылык жаратканын айтты.
Максутов: эриш-аркак жылдын ачылышына артисттерди тандоо оор болду

Кыргызстан — Россия эриш-аркак жылынын ачылыш аземине эки ай даярдандык. Артисттерди тандоого эле бир ай кетти. Анткени татыктуулар көп, ал эми убакыт чектелүү болду. Бул тууралуу Алтынбек Максутов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, алгач концерт 17-февралда боло турганы кабарланган.

"Концерттин Кремль сарайында өткөнү жакшы болду. Москвадагы мекендештерибиз да аталган концертке келип, көрүп кетишти. Мурда айтылып жаткандай чоң театрда өтсө, ал 900 эле кишилик болчу. Даярдык учурунда уюштуруу иштери боюнча Москвага үч жолу барып келдик. Андан соң концертке катыша тургандарды тандоо бир айга созулду. Ушул этабы абдан оор болду. Анткени катышууну каалагандар, таланттуулар, татыктуулар көп, ал эми концерттин убактысы чектелүү. Уюштуруу тобу кайра-кайра талкуулап, ар бир номерди кылдаттык менен карадык. Ошондон кийин гана репетицияны баштадык. Дуэт номерлерди аткарчу аристтер интернет аркылуу онлайн даярданып жатышты", — деди Максутов.

Режиссер чыгармачылык топ концертке беш күн калганда гана Мосвага учуп барганын кошумчалады.

 

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0