03:20 06 Кулжа 2020
Түз эфир
  • USD74.2343
  • EUR84.1186
  • RUB1.0816

Карабаева: айыл чарбага берилген насыянын үстөгү 10 пайыздан ашпайт

Радио
Кыскача шилтеме алуу
121 0 0

Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева эсептик чен өлчөм кредит берүү саясатынын негизин түзөрүн айтты.

Карабаева: айыл чарбага берилген насыянын үстөгү 10 пайыздан ашпайт

Кредит берүүдө жалпысынан пайыздык үстөктөрү көбөйгөн күндө деле кардарларга терс таасирин тийгизбейт. Мисалы, айыл чарбасын колдоо максатында берилип жаткан насыялардын үстөгү 10 пайыздан, ал эми экономиканын приоритеттүү тармактарын колдоого берилген кредиттердики 12 пайыздан ашпайт. Бул тууралуу Аида Карабаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Улуттук банк насыялардын пайызын көтөрүү же түшүрүү боюнча чечимдерди бир жылда сегиз жолу кабыл алат.

"Насыянын пайызын көтөрүү чечими инфляциянын болжолу, тышкы жана ички таасирлерге карап кабыл алынат. Мындан тышкары, дүйнөдөгү азык-түлүк бааларынын өзгөрүү тенденциясы дагы эске алынат. 2019-жылдын декабрынан тарта көпчүлүк өлкөлөрдө тамак-аштын баасы көтөрүлө баштаган. Мына ушул жагдайлар эске алынып, Улуттук банк тарабынан эсептик чен өлчөмдү беш пайызга чейин көтөрдү. Андыктан азыркы кабыл алынган чечимдер келечекте инфляцияны тийиштүү чекте кармап тура алат. Мындан насыя алуучулар жабыркабайт. Айыл чарба багытына берилип жаткан насыялар 10 пайыздан, ал эми экономиканын приоритеттүү тармактарын колдоого берилген кредиттер 12 пайыздан ашпаган өлчөмдө кала бермекчи", — деди Карабаева.

Ошондой эле ал Улуттук банктын божомолдоосуна ылайык, жыл аягына чейин өлкөдө инфляция 5-7 пайыздан ашпай турганын кошумчалады.

Тема боюнча

Кыргызстандын карызы беш кредитордун алдында өстү. График
Долларды кымбаттатпоо үчүн Улуттук банк 28 млн. доллар сатты
Белгилер:
экономика, насыя, инфляция

ЭҢ МААНИЛҮҮ