Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Исаков: Берлинге киргенде "алсыздарды атпагыла" деген буйрук жаңырып турган

© Sputnik / Табылды КадырбековУлуу Ата Мекендик согуштун ардагери, санжырачы Имеш Исаковдун уулу Сталбек Исаков
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, санжырачы Имеш Исаковдун уулу Сталбек Исаков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, санжырачы Имеш Исаковдун уулу Сталбек Исаков анын атасы жана чоң атасы согушка катышканын айтты.
Исаков: Берлинге киргенде "алсыздарды атпагыла" деген буйрук жаңырып турган

1945-жылы жеңиш колго тийген соң Cоветтик Армия фашисттерди Германияга чейин сүрүп барган. Атам ошондогу башкы командачылыктын кары-картаңдарды, аялдарды, бала-чаканы атпагыла, тарыхый эстеликтерди талкалабагыла деген буйругу радиодон жаңырып турганын көп эскерет. Бул тууралуу Сталбек Исаков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Туяк" программасында Жеңиштин 75 жылдыгына арналган чыгарылышында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, анын атасы Берлинди алуу үчүн болгон кармаш аябай кандуу болгонун баяндап берген.

"Атам Имеш Исаков 1924-жылы Ат-Башы районунун Кара-Суу айылында туулган. 1944-жылдын сентябрь айында согушка чакырылганга чейин айылдагы чарбада иштеген. Атамдын айтымында, үч айлык даярдоо курсунан өткөндөн кийин 1945-жылдын январында белоруссиялык фронт маршал Константин Жуковдун командалыгы менен Германияга жетишкен. Бул учурда февраль айы болуп калган экен. Атам Берлинди алууга катышкан. "Күн сайын бирде Сталиндин, бирде Жуковдун буйруктары окулат. Анда кары-картаңдарды, бала-чаканы, аялдарды атпагыла жана тарыхый эстеликтерди талкалабагыла деп айтылат. Советтик Армия мына ушундай гумандуу болгон" дечү атам. Берлин үчүн болгон кармаш аябай оор болгон. Ошондо ал жарадар болуп, Улуу Жеңишти көчмө талаа госпиталында тоскон. Атам согуштан кайткан соң кыргыздын санжырасын иликтөө менен кызуу алектенди. Ал тургай белгилүү жазуучу Төлөгөн Касымбеков "Сынган кылыч" китебин жазып жүргөндө атама келип, бир нече тарыхый адамдар тууралуу маалымат алып кеткен", — деди Исаков. 

Ошондой эле ал Имеш Исаков 96 жашка келгенин, ардагердин 36 небереси, 57 чөбөрөсү бар экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0