04:00 06 Кулжа 2020
Түз эфир
  • USD74.2343
  • EUR84.1186
  • RUB1.0816

Абдувалиева: ретинопатия менен күрөшкөн перинаталдык чоң борбор ачылат

Радио
Кыскача шилтеме алуу
49 0 0

Эне жана баланы коргоо борборунун өкүлү Сагынбү Абдувалиева ретинопатия оорусу "адамдын ден соолугун чыңдоо жана мамлекетти өнүктүрүү 20-30" деген мамлекеттик программага киргизилгенин айтты.

Абдувалиева: ретинопатия менен күрөшкөн перинаталдык чоң борбор ачылат

Президенттин колдоосу менен Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда үчүнчү деңгээлдеги перинаталдык өзүнчө борбор ачылат. Ошол жерде RetCam, лазер жабдуусу дагы коюлат. Ушундай эле борбор түштүк тарапта дагы болушу зарыл. Бул тууралуу Сагынбү Абдувалиева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, коңшу Казакстанда 10 жылдан бери ретинопатия менен күрөшүү иштери жасалып, акыркы эки жылда жакшы жыйынтыктар боло баштады.

"Ретинопатия - бул ымыркайлардын, айрыкча ара төрөлгөн балдардын көз оорусу. Жылына биздин өлкөдө 150-160 миңдей бала жарыкка келет. Анын 5-6 пайызы ара төрөлөт. 32-35 аптага чейин, ымыркай ай-күнүнө жетпей төрөлсө, аны жогорку категориядагы көз доктур көзөмөлгө алышы керек. Себеби баланын көзү толук өрчүбөгөндүктөн ички кабыкта тамырлар өсүп, наристе көрбөй калышы мүмкүн. Эгер баланын көзүндө тамырлар өсүп баштаган болсо, аны лазердин жардамы менен алып салууга тура келет. Бирок, тилекке каршы, бизде ооруну аныктоочу жана дарылоочу аппарат жок. Учурда дарыгерлер офтальмаскоп менен текшеришет. Бул көздү 50 пайыз гана көрүүгө мүмкүндүк берет. Буга кошумча УЗИ да жасалат. Эми бүгүнкү күндө ретинопатия менен ооруп калган бала болсо эле дароо Алматыга жөнөтүп жатабыз", — деди Абдувалиева.

Ал өнүккөн АКШ, Европа мамлекеттеринде да ара төрөлүп ретинопатия менен жабыркаган балдарга толук жардам бере албай жатышканын, бул дүйнөнүн көйгөйү болуп жатканын кошумчалады.

Тема боюнча

Ымыркайдын көзүн алган илдет... Кыргыз медицинасы аппараттан аксаганда
Белгилер:
оору, көз, бала, ретинопатия, Сагынбү Абдувалиева

ЭҢ МААНИЛҮҮ