Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Абдыраев: мектепке электрондук каттоо 15-августка чейин уланат

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Мектепке электрондук каттоо" системасын иштеп чыккан Азамат Абдыраев
Мектепке электрондук каттоо системасын иштеп чыккан Азамат Абдыраев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Мектепке электрондук каттоо" системасын иштеп чыккан Азамат Абдыраев аталган долбоор борбор калаада сынамык иретинде ийгиликтүү ишке ашканын айтты.
Абдыраев: мектепке электрондук каттоо 15-августка чейин уланат

2020-2021- окуу жылында электрондук каттоо долбоору дагы беш шаарда иштей баштайт. Алар — Токмок, Кара-Балта, Ош, Жалал-Абад жана Кызыл-Кыя шаарлары. Бул тууралуу Азамат Абдыраев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, быйыл мектепке электрондук каттоо 15-февралдан баштап 15-августка чейин уланат.

"Мектепке электрондук каттоо долбоору 2019-2020-окуу жылында Бишкекте сынамык иретинде иш алып барды. Натыйжада балдарды мектепке киргизүү үчүн 20 миңден ашуун электрондук арыз келип, алардын 18 миңден ашууну мектепке кирген. Калгандары арызды туура эмес толтуруп же кайра кайтарып алгандар болду. Булардын балдары быйыл окууга киргизилет. Аталган долбоорду сыноонун натыйжасы ийгиликтүү өттү. Мындан улам 2020-2021-окуу жылына карата мектепке электрондук каттоо дагы беш шаарда жүргүзүлөт. Алар Токмок, Кара-Балта, Ош, Жала-Абад жана Кызыл-Кыя шаарлары", — деди Абдраев.

Ошондой эле ал алгач мектептин жанындагылар катталат деген шарт жоюлуп, ата-энелер балдарын өзү каалаган мектепке берсе боло турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0