Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кангелдиева: Бишкекке 45 көп кабаттуу унаа токтотуучу жай курулат

© Sputnik / Эркин СадыковНачальник управления градостроительства и архитектуры муниципального предприятия "Бишкекглавархитектура" Замира Кангельдиева
Начальник управления градостроительства и архитектуры муниципального предприятия Бишкекглавархитектура Замира Кангельдиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Бишкек башкы архитектура" муниципалдык ишканасынын Шаар куруу жана архитектура бөлүмүнүн башчысы Замира Кангелдиева борбор калааны деталдуу пландоо долбооруна ылайык жөө адамдар үчүн 40 өтмөк куруларын айтты.
Кангелдиева: Бишкекке 45 көп кабаттуу унаа токтотуучу жай курулат

Бишкектин борбордук бөлүгүн деталдуу пландоо токтомун шаардык кеңеш чыгаргандан кийин калаа бийлиги атайын долбоор иштеп чыккан. Ага ылайык, борбор калаага 45 көп кабаттуу, заманбап автоунаа токтотуучу жай курулат. Бул тууралуу Замира Кангелдиева Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, долбоорго шаардын Жибек Жолу, Ахунбаев, Курманжан датка, Шабдан баатыр, Фучик жана Садырбаев көчөлөрүнүн ортосундагы тилке кирет.

"Шаар мэриясы борбор калааны деталдуу пландаштыруу долбоорун 2019-жылдын аягында иштеп чыкты. Ага ылайык, Бишкекте жөө адамдарга ылайыкталган 45 өтмө жолдор, 40 заманбап, көп кабаттуу автоунаа токтотуучу жайдын курулушу каралган. Ошондой эле жашылдандырууга да басым жасалат. Дарыя, каналдардын жээгиндеги жерлердин эсебинен ар бир шаар тургунуна алты чарчы метр жашыл аянт туура келиши керек дегенге жеткирчү аракеттер көрүлөт", — деди Кангелдиева.

Ошондой эле адис долбоордун алкагында калаа жолдору үзгүлтүксүз кыймыл жүрүүчү магистралдык көчөлөр, шаардык жана райондук маанидеги көчөлөр деп бөлүнөрүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0