Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Айдаралиев: үрөн сыноодон өткөндөн кийин гана дыйкандарга сунушталат

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевДиректор департамента по экспертизе сельхозкультур при Минсельхозе Таалайбек Айдаралиев
Директор департамента по экспертизе сельхозкультур при Минсельхозе Таалайбек Айдаралиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаментинин директору Таалайбек Айдаралиев быйыл республика боюнча жалпысынан 63 миң тонна үрөн керектелсе, анын 98 пайызы атайын сакталуучу реестрде даяр турганын айтты.
Айдаралиев: үрөн сыноодон өткөндөн кийин гана дыйкандарга сунушталат

Тыштан алып келинген үрөндөр сыноодон өткөндөн кийин гана дыйкандарга сунушталат. Бул тууралуу Таалайбек Айдаралиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, быйыл дыйкандарга сунушталчу үрөндү каттаган мамлекеттик реестрге 450гө жакын жаңы гибрид сорт киргизилген.

"Быйыл 63 миң тоннага чукул үрөн керектелсе, анын 98 пайызы учурда даяр. Мунун ичинен тазаланып, тийиштүү кондицияга жетип, атайын сертификатка ээ болгондору 52 пайызды түздү. Ошондой эле өлкөгө жаңы сортторду алып келүү иштери жүргүзүлүүдө. Кыргызстанда үрөндү сыноодон өткөрө турган 13 тилке иш алып барат. Аларда сырттан алып келинген уруктардын сапаты, түшүмдүүлүгү текшерилип, сыноодон өткөндөр атайын реестрге киргизилет. Андан кийин гана дыйкандарга сунушталат. Мисалга, былтыр жүгөрүнүн 100дөн ашуун гибрид үрөнү келди. Анын жарымы түшүмдүүлүгү, сапаты боюнча жарактуу делип реестрге киргизилди", — деди Айдаралиев.

Ошондой эле ал жүгөрүнүн үрөндөрү Түркия, Сербия, АКШ, Кытайдан алып келинип жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0