Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сыдыков: каржы пирамидасын уюштургандар 5 жылга чейин эркинен ажырашы мүмкүн

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Победа" адвокаттар коллегиясынын юристи Урматбек Сыдыков
Победа адвокаттар коллегиясынын юристи Урматбек Сыдыков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Победа" адвокаттар коллегиясынын юристи Урматбек Сыдыков каржы пирамидасын уюштуруу алдамчылык болуп саналарын, бирок аны далилдөө татаал экенин айтты.
Сыдыков: каржы пирамидасын уюштургандар 5 жылга чейин эркинен ажырашы мүмкүн

Каржы пирамидаларын уюштуруп, жетектегендерди 2,5 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. Бул тууралуу Урматбек Сыдыков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мурдагы Кылмыш-жаза кодексине ылайык, каржы пирамидаларын уюштуруу алдамчылык беренеси боюнча тергелип келген.

"Каржы пирамидасын уюштуруу алдамчылык болуп саналат, бирок аны далилдөө абдан татаал. Себеби аны бир киши түзүп, калганы чынжыр сымал уланып кете берет. Ошентсе да мурдагы мыйзамдар боюнча укук коргоо органдары 166-берене боюнча иш козгоп, келтирилген чыгымды кайтарып беришчү. Ал эми 2019-жылы Кылмыш-жаза кодексине "Каржылык пирамида уюштуруу" деген 214-берене киргизилди. Ага ылайык, каржы пирамидасын уюштуруп, жетектеп, ири өлчөмдөгү киреше алгандар 2,5 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажырашы мүмкүн. Мындан сырткары, 100 же 140 миң сомго чейинки айып пул чегерилет", — деди Сыдыков.

Ал ошондой эле каражаттын суммасы 500 миң сомдон ашса үчүнчү категориядагы жаза чектелет. Ага ылайык, 5 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратуу жана 140 миңден 180 миң сомго чейин айып төлөө каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0