Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сариев: Кыргызстандагы партияларда туруктуулук жок

© Sputnik / Жоомарт УраимовСаясат таануучу Марс Сариев. Архив
Саясат таануучу Марс Сариев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саясат таануучу Марс Сариев саясий партияларды мамлекеттик колдоого алууга өлкөнүн экномикалык абалы туура келбей турганын айтты.
Сариев: Кыргызстандагы партияларда туруктуулук жок

Саясий партияларды мамлекет тарабынан каржылоо өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасында кездешет. Бирок Кыргызстандагы партияларда туруктуулук жок. Ошондуктан аларга өлкө казынасынан кандайдыр бир каражаттын бөлүнүүсү сапатын жакшыртып жибербейт. Мындай пикирин Марс Сариев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, каржылоо мамлекет тарабынан жүргүзүлсө, "ким төлөсө, ошонун ырын ырдайт" деген саясат жүрүп, демократия түшүнүгү жоголот.

"Саясий партиялар жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү сунуштап жатышканын шайлоонун алдындагы пропаганда катары кабылдап жатам. Бийликке ыктаган партия шайлоодон өтсө, өкмөт тарабынан каржылоо болот деген түшүнүк жаралууда. Анткен менен өлкөдөгү партияларда туруктуулук жок. Социалдык болобу, либералдык болобу, туруктуу көз карашы, сунушталган конкреттүү программасы, анын кызыкчылыгын коргоо, ошол программа менен жылдар бою иш алып баруу деген жок. Ошондуктан мамлекет тарабынан каржылоого алына турган болсо, бийликтин саясатын жүргүзүп калышат. Бул партияларды өнүгүүгө жетелебей эле тескерисинче чектеп, парламенттик системага терс таасирин тийгизет", — деди Сариев.

Ошондой эле эксперт бул сунушту колдобой турганын белгилеп, демилгенин өтүшү арсар экенин кошумчалады.

Здание Жогорку Кенеша - Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин 21 депутаты шайлоо босогосун 7 пайызга түшүрүүнү сунуштады
Эске сала кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттары Айнуру Алтыбаева, Мирлан Бакиров, Нурбек Алимбековдор "Саясий партиялар жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү сунуштап, ага ылайык, шайлоодо эки пайыздан көп добуш алган партиялар мамлекет тарабынан колдоого алынышы керектигин айтышкан. Кийинчерээк Мирлан Бакиров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфирине келип, өзүнүн жеке пикиринде эки пайызды беш пайызга чейин көтөрүүнү жана бюджеттен эмес, шайлоого катышып жаткан партиялардын күрөө катары койгон акчасын ошол беш пайыздан көп добуш алган партиялар ортосунда бөлүштүрүп берүүнү мыйзам долбоорунун экинчи окуусунда сунуштай тургандыгын белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0