Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Айдаралиев: быйыл жазгы талаа жумуштары бир айга эрте башталышы мүмкүн

© Sputnik / Табылды КадырбековАйыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаментинин директору Таалайбек Айдаралиев
Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаментинин директору Таалайбек Айдаралиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаментинин директору Таалайбек Айдаралиев жазгы айдап-себүү, талаа иштерине даярдык жакшы экенин айтты.
Айдаралиев: быйыл жазгы талаа жумуштары бир айга эрте башталышы мүмкүн

Жазгы айдап-себүү иштерине 19 миң тонна күйүүчү май даяр. Жалпысынан 40 миң тонна керектелет. Бул тууралуу Таалайбек Айдаралиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

"Быйыл дыйкандарыбыз жана аларга шарт түзүп берип жаткан Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин жалпы жамааты айдап себүү жумуштарына жакшы даярдык менен келди. Дизель майга болгон муктаждыгыбыз 40 миң тонна болсо, анын 19 миң тоннасы даяр. Бул 47-48 пайызы даяр дегендик. Алардын орточо баасы литрине 44 сом беш тыйындан болуп жатат, бирок региондордо мындан жогору же төмөн болушу ыктымал. Учурда Араван районунда жазгы талаа жумуштары башталды. Мындан тышкары, Ош, Жалал-Абад, Чүй аймактарында бир-эки жуманын ичинде айдап-себүү аракеттери башталышы ыктымал. Бул аба ырайынан көз каранды. Быйыл жазгы талаа иштери бир айга эрте башталышы мүмкүн", — деди Айдаралиев.

Ошондой эле ал учурда дыйкандардын 52 пайызы үрөн менен камсыз болуп калганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0