Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Акматбеков: "Тулпар" карталары 1-марттан кийин дагы таратылат

© Sputnik"Тулпар" долбоорунун ЖМК менен иш алып баруу боюнча адиси Бекжан Акматбеков
Тулпар долбоорунун ЖМК менен иш алып баруу боюнча адиси Бекжан Акматбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Тулпар" долбоорунун ЖМК менен иш алып баруу боюнча адиси Бекжан Акматбеков 1-марттан баштап муниципалдык транспортко жол кирени төлөө электрондук карталар аркылуу жүргүзүлө турганын айтты.
Акматбеков: "Тулпар" карталары 1-марттан кийин дагы таратылат

1-мартка чейин "Тулпар" төлөм карталарын алууга жетишпей калган пенсионерлер муниципалдык транспортто эски күбөлүгүн колдоно алышат. Бул тууралуу Бекжан Акматбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жарандардын категориясына жараша жалпы колдонуучуларга көк, жеңилдик алуучуларга кызыл жана окуучуларга жашыл электрондук карталар берилет.

"Жалпы жарандар үчүн багытталган көк түстөгү электрондук карталар уюлдук операторлордун кеңселеринде жана автобус, троллейбустарда сатылууда. Ал эми учурда коомчулукта талкуу жаратып жаткан кызыл түстөгү карталарды таратууда оорчулуктар болду. Себеби туура эмес маалыматтардан улам пенсионерлер массалык түрдө карта алууга умтулуп, кезектер пайда болду. Ошондой эле пенсионерлер үчүн Социалдык фонддон мөөр бастырып келүү шарты алып салынды. Анткени бул жагдай кыйынчылык жаратып жатканы колдонуучулар тарабынан айтылган эле. Натыйжада пенсияга чыккандыгы тууралуу күбөлүктүн негизинде "Тулпар" картасын таратып жаткан пункттардан алса болот. Кезектин азайбай жатканын эске алып, 1-марттан кийин дагы таратуу чечимин чыгардык. Ал эми карта алууга жетишпей калгандар учурдагы күбөлүктөрүн колдоно беришет. Эми окуучуларга таратууга акыркы даярдыктар көрүлүүдө. Алар билим берүү мекемелерине арыз жазып документтерин топтоп берсе, төлөм карталары берилет", — деди Акматбеков.

Адис долбоор январдан тарта борбор калаада сынамык иретинде иштеп, аныкталган кемчиликтер учурда жокко чыгарылганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0